Ишекр айым Нургүл Кадырова

Аялмын деп үйдө отура бербеш керек. Шаардык дыйкан келин  менен маек

2800
(жаңыланган 21:57 09.02.2020)
Нургүл Кадырова дыйканчылык менен алектенүүнү чечкенде жакын туугандары да күмөн саноо менен мамиле кылышкан. Анткени шаарда чоңоюп, ага чейин жада калса колуна кетмен кармап көрбөптүр.

39 жаштагы Нургүл Кадырова Кыргызстандагы айыл чарба тармагына жаңылык алып келген фермерлердин бири. Ал өстүргөн сафлор өсүмдүгү керек болсо тажрыйбалуу дыйкандарга да тааныш эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги Ош шаарында турган фермер менен жолугуп жаңы иш баштоонун оош-кыйышы, дыйканчылык кылган кыз-келиндер туш келген кыйынчылыктар тууралуу баарлашты.

— Фермерликке бел байлоого чейин Россияда көп жыл жашаган экенсиз. Алгач ошол тууралуу айта кетсеңиз?

— Ооба, биз да көпчүлүктөй эле 2002-жылы үй-бүлөбүз менен Москва шаарына кеткенбиз. Ал жакта кадимки мигрант катары мен дүкөндө, жолдошум маршруттук унаанын айдоочусу болуп иштедик. Россияда жалпысынан 15 жыл жашадык. Төрт балабыздын баары ошол жакта төрөлдү. Кыргызстанга 2016-жылы күзүндө келгенбиз.

— Он беш жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келүүңүздөргө эмне себеп болду?

— Балдарыбыз бой жете баштады. Биздин өзүбүзгө таандык менталитет бар да. Бөтөн мамлекетте жүрүп балдарыбыздын көз карашы, мамилеси башкача боло баштады. Мындан улам өз жерибизде өзүбүздүн турмуш-шартка ылайыкташкан тарбия берели деген ой менен өлкөбүзгө кайтып келдик. Жаңы келгенде колумдагы эң кичинекей кызым бирге толо элек болчу. Алгач аябай эле кыйналдык. Жаш баласы бар аялга жумуш табуу өтө оор экен. Ошентип эки жылдай үйдө отуруп калдым. Жолдошум КамАЗ сатып алган эле. Тиричилигибиз ошону менен өтүп жатты.

— Анан фермерликке кантип аралашып калдыңыз?

— Чогуу окуган курбу кыздарым менен мектепти бүтүргөндүгүбүздүн 20 жылдыгына чогулуп калдык. Анан ал жерде ар биринен кеңеш сурадым. Кантип иштейм, эмне жумуш баштасам болот дегендей. Себеби Москвада жүргөн 15 жыл ичинде Кыргызстанда көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, турмуш-шарт башкача болуп кетиптир. Мен кээ бир нерселерди жакшы түшүнө албай, кыйла эле артта калганымы сездим. Ал эми курбуларымдын бири эл аралык долбоорлор менен кызматташып иш алып барат экен. Дыйканчылык боюнча алгач ошондон уктум. Эгер иштете турган жериң болсо, аракет кылып көр деди. Кооптондум. Өмүрүмдө кылып көрбөгөн нерсе эле. Өзүм шаарда өсүп-чоңойгон кызмын. Анын үстүнө сафлор өсүмдүгү тууралуу мурда уккан да эмесмин. Жада калса анын даракта же жерде өсөрүн да билбейт экемин. Бирок болгон аракетим менен ишти баштадым.

Кыргызстанкий фермер Нургуль Кадырова, которая занимается выращиванием сафлора
© Фото / Азат Акаев
Ишкер Нургүл Кадырова: Бөтөн мамлекетте балдарыбыздын көз карашы башкача боло баштады. Өз жерибизде өзүбүздүн турмуш-шартка ылайыкташкан тарбия берели деген ой менен өлкөбүзгө кайтып келдик. Жаңы келгенде колумдагы эң кичинекей кызым бирге толо элек болчу. Алгач абай эле кыйналдык.

— Бизде фермер десе көбүнчө эркек киши ойго келет да. Анан өзүңүз да бул тармактан алыс инсан болсоңуз башында коркуу сезимдери пайда болсо керек?

– Чынын айтсам, эч качан жаңы нерседен корккон жан эмесмин. Эркек кыла турган ишти менин да аткара аларыма ар дайым көзүм жетчү. Башында күйөөм да "кой, каяктагыны баштаба" деп ишенген эмес. Кийинчерээк менин аракетимди көрүп колдой баштады. Бирок ошентсе да негизги иштин баарын өзүм кылып жаттым. Дыйканчылыктагы биринчи кадамым 7,5 гектар жерге урук эгүү менен башталды.  Мээнетим акталып, түшүм жакшы болду. Экинчи жолу айдоо талаасын 52 гектарга көбөйттүм.  

— Башында канча каражат менен кириштиңиз?

— Чынын айтсам көп деле каражат короткон жокмун. Алгач атама таандык көп жылдан бери иштетилбей турган жерди агамдын трактору менен эле айдаттым. Акчам жок болгонуна байланыштуу жада калса кызмат акысын да берген эмесмин. Болгону трактордун майын куюп бергем. Андан соң экинчи кадам катары сафлордон тамак-аш майын өндүргөн Өзгөн шаарындагы завод менен келишим түздүм. Анын негизинде мага берилген уруктун элүү пайызын бөлүп төлөөгө макулдашканбыз. Түшүмдү жыйнап бүткөндөн кийин баарын кайтарып бергем.

— Ошентсе да жаңы тармакка киришип жатканда кыйынчылыктар болбой койбосо керек?

— Өтө чоң деп айтууга болбойт. Башында мага эч ким ишенген жок. Завод менен түзгөн келишимдин негизинде 15 адам чогултуш керек болчу. Алгач алардын баары тааныштар, тууган, достордон түзгөм. Мени бир карап эле ишти кантип алдыга жылдыра алмак эле деп ойлошту окшойт. Анткени колумда маникюр жасалган, чачтарым кыска, орусча сүйлөгөн келинмин да. Өмүрүмдө кетмен кармап көргөн эмесмин. Негизги кыйынчылык сафлорду оро ала турган техника табууда болду. Биринчи жылы завод өз комбайнын берген болчу. Экинчи жылы ал да бузулуп калып, өзүм табышым керек болду. Бул өсүмдүк кадимки эле тикенек болгондуктан айылдагы жөнөкөй комбайндар оро албайт. Орууга макул болсо да буудай менен арпага караганда акысын кымбат алышат. Ал аз келгенсип, качан гана өздөрүнүн иштери бүтүп, кылганга башка жумушу калбай калганда аргасыз макул болушат. Буга байланыштуу ушул жылы түшүмдү жыйноодо өз убактысынан бир аз кечигип калдым. Андыктан жыйынтык канааттандырарлык болбой калды. Ага кошумча, узак убакытка күтүп калганыбыз үчүн түшүмүбүз суусун жоготуп, салмагы да азайып кетти.   

— Иштин натыйжасын көргөндөн кийин элдин ою өзгөрө баштаса керек?

— Жаңы баштаганда алгачкы жыйынтык алты айда эле чыккан. Түшүмдү заводго жеткирип бердим. Алар да бир көрүп эле жактырышты. Ал тургай ошол эле жерден кийинки жылга да келишим түзүүнү сунушташкан. Андан соң айланамдагылар ишене башташты. Чындыгында таң калышты. Азамат деп мактагандар, кызыккандар болду. Ошол эле учурда мага баа берип дыйканчылык боюнча кеңеш сурап келгендердин да саны өсө баштады.

— Эми ишиңиз тууралуу жалпы маалымат бере кетсеңиз? Чындыгында эле көпчүлүккө тааныш эмес нерсе экен?

— Жада калса кыргыз тилинде түшүндүрүп берүүгө кыйын нерсе. Сафлордон май чыгаруу тууралуу маалымат өтө аз. Бул иш менен алектенген Бишкекте бир эле жер бар экен. Биринчи жылы өз колубуз менен чөбүн оруп, дарысын сээп, суусун ташыганбыз. Экинчи жылы жерибиз көбөйгөнү үчүн бир аз техника жалдай баштадык. Өзүм да жумушчуларга кошулуп талаага чыгам. Кошуналардын аттарын минип эгинге көз салып, балдарым сыяктуу эле карайм десем болот. Кайрак жерге эккенибиз үчүн көп деле сугарбайбыз. Бирок ачык жер болгондуктан мал кирип тебелеп кеткен учурлар болот. Алты ай ичинде бир жолу барып түшүмдү жыйнап алдым деген нерсе жок. Мен шаарда жашаганым үчүн жумасына бир-эки жолу барып турам. Калган күндөрү кошуналарга акчасын берип көз салып тургула дейм.

Кыргызстанкий фермер Нургуль Кадырова, которая занимается выращиванием сафлора
© Фото / Азат Акаев
Ишкер: Сафлордон май чыгаруу тууралуу маалымат өтө аз. Бул иш менен алектенген Бишкекте бир эле жер бар экен. Биринчи жылы өз колубуз менен чөбүн оруп, дарысын сээп, суусун ташыганбыз. Экинчи жылы жерибиз көбөйгөнү үчүн бир аз техника жалдадык. Талаага чыгам. Кайрак жер болгону үчүн көп сугарбайбыз. Бирок ачык жер болгондуктан мал кирип тебелеп кеткен учурлар болот.

— Канча кишини жумуш менен камсыз кыласыз?

— Туугандар жана тааныштардан сырткары жалпысынан 20дай адамга жумуш берем. Аларга кадимкидей эмгек акысын төлөйм. Кудай буюрса, эгин талаасынын аянтын көбөйтсөм дагы да көп адамды ишке чакырууну пландап жатам.

— Ишкерликке киришсем деген айымдарга кандай кеңеш бересиз?

— Эч качан башкалардын сөзүн укпагыла дейт элем. Максат-тилектериңерге бирөөлөрдүн жолтоо болуусуна уруксат бербегиле. Аларды ишке ашыруу үчүн алдыга гана умтулгула. Мен өзүм деле канчалаган жаман сөздөрдү уктум. Бирок эрк болсо эч ким токтото албайт. Ошондой эле аялмын деп үйдө олтура берүү да туура эмес. Менин жолдошум, төрт балам бар. Аялдык милдеттеримди таштап койгон жокмун. Кадимкидей үй жумуштарын аткарып, тамак жасайм. Жеке жашоом жумушума тоскоол болбойт.

— Алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Сафлор суукка чыдаган өсүмдүк болгондуктан эки жумадан кийин эгүү иштерин баштайын деп турам. Айдоо аянтын дагы да көбөйтүп, бул жолу 200 гектар жерге түшүм себүүнү пландап турам. Ага кошумча, инвестор тартуу боюнча долбоор жаздыруудамын. Анын алкагында АКШдагы бир жеке ишкер менен келишим түздүм. Буюрса иштерим дагы да алдыга жылат деген ишеним бар.

2800
Белгилер:
түшүм, дыйкан, фермер, маек, айым, ишкердик
Тема боюнча
Күйөөм таштап кеткенде күчтөндүм. Кир самындан айна жасап саткан Назиранын баяны
Токуган килемибиз 200 миң сомго сатылып, эмирге тартууланган. Ишкер Бекова менен маек
Алма сатуу. Архивдик сүрөт

Шерипов: көлдүктөр жаңгакка кызыкдар эмес, алма-өрүккө көнүп алышкан

1
Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жаңгак бышат, бирок көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Мындай пикирин парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

Депутат Абдыбек Дүйшалиев биосфералык аймак болуп эсептелген Ысык-Көлдө бош жер көп экенин айтып, бул жерде жаңгак бышар-бышпасына кызыкты.

"Көлдө жаңгак бышат жана сапатын жоготпойт. Бирок жергиликтүү эл алма жана өрүк өстүрүп, багбанчылыктын бул түрүн жакшы өздөштүргөн. Бул жемиштер коңшу Казакстанга көп сатылып, жакшы баа болуп берет. Ошол себептен көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Алар өзгөрүүнү каалабайт", — деди Шерипов.

Ошондой эле ал чындап эле көл аймагында бош жерлер көп экенин айтып, аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасында иштетүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

1
Белгилер:
түшүм, алма, жаңгак, Ысык-Көл, Кыргызстан
Ат-Башыдагы мал базар

Ат-Башыдагы мал базарга башка облус, район соодагерлери киргизилбей турган болду

26
(жаңыланган 16:00 03.06.2020)
Райондогу мал базар иштегени менен ал жакта бир топ чектөө чаралары болот. Ошондой эле башка район, облустун соодагерлери киргизилбей турганы айтылды.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда мал базар 7-июндан тарта иштейт. Бул тууралуу район башчысы Нурбек Сатаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мал базарлардын ишмердүүлүгүнө 21-майдан тарта уруксат берилген. Бирок райондогу мал базар эпидемиологиялык абалдан улам иштей элек болчу.

"7-июнь күнү Ат-Башы мал базары иштеп баштайт, бирок ал жерде чектөөлөр болот. Базарга райондо жашагандар гана бара алат. Башкача айтканда, Нарындан же башка райондон келчү соодагерлер киргизилбейт. Азыр эл жайлоого көчүп, айдап-себүү иштери жүрүүдө. Мындан улам район тургундары, фермерлер малын сатып алсын деп эле базарды ачып жатабыз. Кийим, буюм, тамак-аш азырынча сатылбайт. Базар 14:00гө чейин эле иштеп, анын тегерегине посттор коюлат", — деди Сатаров.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Район башчысы буга чейин Ат-Башы коронавирустан тазаланганын маалымдаган. Ал жакта жалпы 77 киши вирус илештирип алган.

Аким акыркы 20 күндүн ичинде Ат-Башыда коронавирус жуктургандар катталбаганын айтып, санитардык нормаларды, эрежелерди сактап жаткан район элине ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанда жалпысынан алганда коронавирус 1871 адамдан табылды. Алардын арасынан 1265и айыгып, 20 бейтап көз жумду.

26
Белгилер:
эреже, тартип, коронавирус, базар, мал, Ат-Башы, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирустан көз жумган үч бейтап. Министрлик чоо-жайы тууралуу