Кыргызстанга келген Казакстандын 1000ден ашуун жараны үйүнө кайтты

© Sputnik / Тимур БатыршинСотрудники полиции Казахстана близ сел Масанчи и Сортобе, где произошли беспорядки.
Сотрудники полиции Казахстана близ сел Масанчи и Сортобе, где произошли беспорядки. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жаңжал чыккан айылдарда жашаган 4 миңдей киши Кыргызстандын аймагына өтө качканы айтылган.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik.  Казакстандын 1000ден ашуун жараны Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу КР Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп, автоунаалар, жүктөр жана адамдар тоскоолдуксуз өтүп жатат.

“7-8-февраль күндөрү "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга тобу менен кирген жарандар көбөйгөндүгү аныкталган. Бүгүн, 9-февралда, кайра Казакстанды көздөй кайтканы байкалып, саат 10.00гө карата  Казакстандын 1000ден ашуун жараны Кыргызстандан чыгып кетти”, — деп айтылат маалыматта.

КР Чек ара кызматы Казакстан менен чектешкен көзөмөл-өткөрмө жайларындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Масанчидеги мушташ

Беспорядки в приграничном селе Масанчи - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда Масанчи жана Сортөбе айылдары мушташтан кийин бош калды. Сүрөт
7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Башаламандыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 50дөй киши жаракат алган. Токмоктогу ооруканага да 18 жаран кайрылган. Андан тышкары, 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа талкаланган.

Мындан улам аталган айылдарда жашаган 4 миңдей киши Кыргызстандын аймагына өтө качканын Чек ара кызматынан билдиришкен.

Учурда айылдар ээн калды, үйлөрдө электр энергиясы жана интернет жок.

Аталган окуя боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу жана катышуу" жана "Адам өлтүрүү") сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Массалык башкаламандык боюнча 47 адам кармалып, алардан эки аң уулоочу мылтык алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0