Куда-сөөктүн чоо-жайын билип берчү детективдер. Буюртманын себеби жана акысы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүҮйдүн чатырынан сүрөт тартып жаткан адам. Архив
Үйдүн чатырынан сүрөт тартып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жеке детективге кайрылып, кудасы тууралуу маалымат чогултуп, аңдуу койгон учурлар бар экен. Мындай кызмат көрсөтүү арзан эмес дешет.

Уул үйлөп, кыз берип, куда күтүү ар бир кыргыз үй-бүлөсү үчүн маанилүү, ары кубанычтуу, ары бир топ түйшүккө салчу окуя. Илгери баш алган тарап да, баш берген тарап куда-сөөгүнүн жети атасына чейин сүрүштүрүп, “сөөгү таза экен”, “түптүү эл экен” деп, болбосо “түбүндө жок немелер тура” деп баа берип, ошого жараша иш кылышкан.

“Куданыкын кудай камдайт” деп камаарабагандай болгонубуз менен баарыбыз эле “кызым же балам кандай жерге туш болот” деп күйпөлөктөрүбүз чын. Мындан улам келечекте келин же күйөө бала болчу кыз менен баланын ата-энеси, тууган-туушканы, таяке-тайы тууралуу сураштыруу бүгүнкү күндө деле актуалдуу маселе. Эртең-бүгүн куда-сөөк болом деп турган бүлөнүн кошунасынын таанышы, жээнинин бөлөсү, күйөө баласынын классташы, кызынын кайын сиңдиси, айтор, сөзсүз бир киши жакыны болуп чыгат. Демек, маалымат тез эле жетет. Баткенден куда күтө турган таластыктар бир заматта жаңы туугандардын дайын-дарегин билип, алар тууралуу алдын ала кабардар боло калат.

Свадебные фотосессии в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Тамада, оператор, фотограф... Тойдо кызмат кылгандардын акысы
Замандын өзгөрүшү менен өзөгү болуп кудалар тууралуу көбүрөөк билип алуу аракети калганы менен аны ишке ашыруунун куралы өзгөрүп бараткандай. Биз түгөйүнүн көзүнө чөп салган аялдын же эркектин артынан аңдыйт, түйүндүү иштерди ачыктап иштейт деп ойлогон детективдерге да куда-сөөгү тууралуу маалымат сурап кайрылгандар пайда боло баштаптыр.

Sputnik Кыргызстан агенттиги детективдердин бири менен байланышып, так ушул кудалар туурасындагы буюртмага кызыгып көрдү. Албетте, ал өзүн ачыктагысы келген жок.  Биз да туура түшүнүүгө аракет кылдык.

Кудалар тууралуу маалымат топтоо

Акыркы кезде кудалар тууралуу буюртмалар көбөйүп баратат. Буюртма берген адамдар келечектеги кудасы тууралуу керектүү суроолорун берип, зарыл болгон маалыматты алгысы келет. Бирок алар жашырынышат. Мындай кардарлар көбүнчө куда болчу тараптын кылмыш жоопкерчилигине тартылган-тартылбаганын билгиси келет. Мал-мүлкү тууралуу суроолорду берет. Кыз тарап күйөө баласын да иликтетет. Баланын мыйзам менен көйгөйүнүн бар-жогуна, жеке жашоосуна, материалдык абалына кызыгышат. Бирок мүлкүнө басым жасагандар аз. Көбүнчө баланын өзү кандай экендигин сурашат. Эгер ажырашкан болсо, себебин, аялы менен катташып турабы-жокпу, ошону билгиси келишет.

Буюртманы кимдер берет

Профайлер-верификатор, подполковник милиции Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Калпты аныктоочу адис Камчыбеков: ич кийимине алтын каткан аялды алыстан билгем
Мындай буюртманы көбүнчө колунда бар адамдар берет. Сыртынан караганда материалдык абалы дурус, жакшы тургандай көрүнгөн үй-бүлөлөр бар. Кийин куда болуп, катыша келгенде алардын терс жактары чыгат. Башкача айтканда, алдамчылыгы билинип же укук коргоо органдары менен көйгөйү болот. Карызы көптөр кездешет. Негизи буюртма бергендер болочоктогу кудаларынын материалдык абалынан мурун ушул жагына көп тынчсызданат. Акыркы кезде жаш үй-бүлөлөргө байланыштуу кайрылгандар көп. Кээ бир жигиттер үйлөнгөнүнө 5-6 ай өтпөй эле үйүнө көп түнөбөй, телефонун катып калат. Келинчеги сураса, бизнес же иштери менен жүргөнүн шылтоолоп коёт. Ушуга байланыштуу тынчсызданган ата-энелер, көбүнчө кыздын байкелери күйөө баласын аңдытуу үчүн детектив жалдайт.

"Кудалар буюртмасынын" баасы жана кайрылуунун саны

Куда тууралуу кайрылуу бир жылда 3-4 жолу түшсө, жаңы бүлөдөгү күйөөнүн баскан-турганын аңдуу боюнча жылына 10 буюртма болушу мүмкүн. Маалымат алуу кеминде 200 доллар болот. Ар бир суроонун өз баасы бар. Мисалга, иликтөөчү объектини бир күн аңдуу (материал чогултуу) 150 доллар турат. Суроо канчалык көп болсо, наркы ошончо жогору болот.

Баланын ата-энеси кандай учурда детективге кайрылат?

Национальное блюдо боорсок - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда аялдын жашоосун жеңилдеткен 7 кызмат. Түрү, баасы
Келе турган келин жаш кыз болсо, анда маселе жок. Эгер кыз күйөөсүнөн улуу же мурда турмуш курган болуп, ушул жаатта кандайдыр бир маселелер жаралып калса гана баланын жакындары кайрылат. Алар кыздын мүнөзү, жүрүм-туруму, мурунку турмушу, ажырашуу себеби, күйөөсү менен мамилеси бар-жогун билгиси келет. Кээ бирлер кыздын материалдык мүмкүнчүлүгүнө кызыгышат.
"Биздин балабыз жаш, үйлөнө турган кыз улуураак экен. Момундай-момундай мүлкү, үй-жайы бар экен. Мүмкүн, жалган айтып жаткандыр. Биздин материалдык абалыбызга кызыгып жаткан жокпу?" — деп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0