Кордайдагы массалык башаламандыктан Кыргызстанга качып келип дарыланып жаткан Казакстандын жарандары өз өлкөсүнө жөнөтүлдү

Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кетти

2729
(жаңыланган 18:27 09.02.2020)
Коңшу өлкөнүн вице-министри жарандарына медициналык жардам көрсөткөнү үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кордайдагы массалык башаламандыктан Кыргызстанга качып келип дарыланып жаткан Казакстандын жарандары өз өлкөсүнө жөнөтүлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

  • 9 февраля 2020 года в Кыргызстан прибыла делегация из Казахстана во главе с вице-министром здравоохранения Республики Казахстан Камалжаном Надыровым
    Кордайдагы массалык башаламандыктан Кыргызстанга качып келип дарыланып жаткан Казакстандын жарандары өз өлкөсүнө жөнөтүлдү
    © Фото / Министерство здравоохранения КР с
  • 9 февраля 2020 года в Кыргызстан прибыла делегация из Казахстана во главе с вице-министром здравоохранения Республики Казахстан Камалжаном Надыровым
    Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 9-февралда, Казакстандан Саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров башында турган делегация Бишкекке келген
    © Фото / Министерство здравоохранения КР с
  • 9 февраля 2020 года в Кыргызстан прибыла делегация из Казахстана во главе с вице-министром здравоохранения Республики Казахстан Камалжаном Надыровым
    Алар КР саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен биргеликте Чүй облусундагы медициналык мекемелерде жаткан жарандарынын абалы менен таанышкан.
    © Фото / Министерство здравоохранения КР с
1 / 3
© Фото / Министерство здравоохранения КР с
Кордайдагы массалык башаламандыктан Кыргызстанга качып келип дарыланып жаткан Казакстандын жарандары өз өлкөсүнө жөнөтүлдү

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 9-февралда, Казакстандан саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров башында турган делегация Бишкекке келген. Алар КР саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен биргеликте Чүй облусундагы медициналык мекемелерде жаткан жарандарынын абалы менен таанышкан.

“Камалжан Надиров жарандарына убагында медициналык жардам көрсөткөнү үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле делегация Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугуп жаракат алгандар мындан ары Казакстанда дарыланарын түшүндүрдү. Жолугушуулардын жана бейтаптар менен сүйлөшүүнүн натыйжасында сегиз жаранды Казакстандын санавиация кызматынын реанимобилдери менен Алматы шаарына алып кетишти”, — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдиришинче, 8-9-февраль күндөрү ар кандай диагноз менен 34 адам кайрылган. Анын ичинен 21и алгачкы медициналык жардам алып кеткен, 13 адам ооруканага жаткырылган.
Бүгүнкү күндө Токмок аймактык ооруканасында жана Ивановкадагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда Казакстандын беш жараны дарыгерлердин жана психологдордун көзөмөлүндө жатат. Баарынын абалы туруктуу.

Масанчидеги мушташ

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Башаламандыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 50дөй киши жаракат алган. Андан тышкары, 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа талкаланган.

Мындан улам аталган айылдарда жашаган 4 миңден ашуун киши Кыргызстандын аймагына өтө качканын Чек ара кызматынан билдиришкен. Кайра 9-февралда 1000ден ашуун адам үйүнө кайтканы кабарланды.
Учурда айылдар ээн калды, үйлөрдө электр энергиясы жана интернет жок.

Аталган окуя боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу жана катышуу" жана "Адам өлтүрүү") сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Массалык башкаламандык боюнча 47 адам кармалып, алардан эки аң уулоочу мылтык алынган.

2729
Белгилер:
мушташ, Алматы, оорукана, жаракат, дарыгер, Кыргызстан, Казакстан
Тема:
Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы чыр (21)
Тема боюнча
Кыргызстанга келген Казакстандын 1000ден ашуун жараны үйүнө кайтты
Казакстандагы массалык мушташ: өлгөндөрдүн саны 11ге жетти

Комдонуп, кулакты жапырып. Кара кулак шердин жонунан тартылган видео

33
Америкадагы зоопарктардын биринде кара кулак шердин кантип чуркагандыгын, күүлөнгөндүгүн, дегеле кыймыл аракетин бир нече сантиметр жакындыктан көрсөтүп беришти.

Адатта бул жырткычтын жанына жолоого мүмкүн эмес экендиги баарына дайын. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты жазды.

Кара кулак шер мышык тукумундагы жаныбарлардын эң күлүгү. Үч секунда ичинде ылдамдыгын саатына 112 чакырымга жеткире алат, тагыраагы, тез күүлөнөт. Бир секундада өзүнүн тулку боюнан 16 эсе узун аралыкка чуркоого жөндөмдүү.

Цинциннати зоопаркынын кызматкерлери кызыккандарга сейрек видеону тартуулашты. Сейрек дегендин себеби, бир нече сантиметрден туруп, ошончолук ылдамдыкта, аны менен эч ким катарлаша чуркай албайт. Мындай мүмкүн да эмес, себеби жырткыч чоочун бирөөнү жанына жакын жолотпойт.

Зоопарк кызматкерлери кара кулак шердин бел жагына GoPro камерасын орнотуп, анын бир кадамын көрүүчүлөргө тартуулады. Аны карап турган адам жаныбардын кантип даярданып, кантип күүлөнүп, анан кантип атырыла чуркап бара жаткандыгына күбө боло алат.

33
Белгилер:
кара кулак, зоопарк, ылдамдык, видео, АКШ
Тема боюнча
Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео
Карантинден кийин көрүшкөн кожоюн менен эшектин эмоциясы. Видео
Сууга түшүп жаткан балдар. Архив

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү

19
Эгер адам сууга чөгө баштаса, өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө киши эмнени эске алыш керектигин санап берип, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла деп катуу эскертти.

Сууга түшүү эрежелери:

  • Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
  • Сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүү керек;
  • Мурда көрүп-билбеген, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга болбойт;
  • Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
  • Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
  • Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
  • Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
  • Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;

Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңештер

"Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса адамдын өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар көлгө түшкөндө алыс жакка сүзүп кетпөөнү, тамакка тоюп алып сууга түшпөөнү да эскертишти.

19
Белгилер:
кеңеш, Суу, куткаруучулар, ӨКМ
Тема боюнча
Ошто Папан суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды