Сотрудники правоохранительных органов Казахстана стоят на страже после беспорядков в приграничных селах Казахстана. 8 февраля 2020 года

Казак бийлиги Кыргызстанга качкан жарандарына кайрылуу жасады

3734
(жаңыланган 19:04 09.02.2020)
Кордайдагы массалык башаламандыктан улам төрт миңден ашуун жаран үйүн таштап Кыргызстан тарапка агылган.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Казакстандын вице-премьери Бердибек Сапарбаев Кыргызстанга качкандарды мекенине кайтууга чакырды. Бул туурасында ал Сортөбе айылынын тургундары менен жолугушууда айтканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, 7-8-февраль күндөрү Кордайдагы массалык башаламандыктан улам төрт миңден ашуун жаран үйүн таштап Кыргызстан тарапка агылган.

“Эң башкысы, түн тынч өттү. Кудай кааласа, мындан кийин да ушундай болот. Биз облус акими менен бирге аялдар менен балдардын кайтып келе жатканын көрдүк. Сиздердин мекениңиздер Казакстан, элге кайтуу керек! Биз 150 жыл бою ынтымак менен достукта өмүр сүрүп келгенбиз. Жашообуз жакшы, объектилер салынып жатат, баарынын баш паанасы бар”, — деп айткан вице-премьер.

Ошондой эле ал 27 адам ооруканада, бешөө Алматыда экенин белгиледи. Экөөнүн абалы оор, он киши бүгүн үйүнө жиберилген.

“Үйү өрттөнүп кеткен тургундарга материалдык компенсация төлөнөт. Облус акими аларга үй-жай даярдап жатат, азык-түлүк менен да камсыз болушат. Малы жана автоунаасынан ажырагандар да компенсация алат”, — деп айткан Сапарбаев.

Ал эми жергиликтүү тургундар ушул күнгө чейин туугандарын таба албай жатканын айтышкан.

Масанчидеги мушташ

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Башаламандыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 50дөй киши жаракат алган. Андан тышкары, 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа талкаланган.

Мындан улам аталган айылдарда жашаган 4 миңден ашуун киши Кыргызстандын аймагына өтө качкан. Кайра 9-февралда 1000ден ашуун адам үйүнө кайтканы кабарланды.

Учурда айылдар ээн калды, үйлөрдө электр энергиясы жана интернет жок.
Аталган окуя боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу жана катышуу" жана "Адам өлтүрүү") сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Массалык башкаламандык боюнча 47 адам кармалып, алардан эки аң уулоочу мылтык алынган.

3734
Белгилер:
компенсация, өрт, бийлик, качуу, кайрылуу, мушташ, Казакстан
Тема:
Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы чыр (21)
Тема боюнча
Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кетти
Кыргызстанга келген Казакстандын 1000ден ашуун жараны үйүнө кайтты

Токойчу мүйүздөрү чырмалган эки эликти бир ок менен куткарды. Видео

30
(жаңыланган 13:06 20.01.2021)
АКШлык токойчу сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, бири-биринен бошоно албай калган эки эликти бир ок менен таамай атып бошотту.

Канзастын жаныбарлар коругунда аңчы мүйүздөрү менен бекем чырмалышкан эки эликти байкаган. Бул тууралуу Fox23 жарыялады.

Күбөлөрдүн айтымында, жаныбарлар сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, экөө такыр ажырай албай калган. Бири бошонууга аракет жасаса, экинчисин тартып кеткен. Аңчы жергиликтүү мергенчилик боюнча башкармалыкка кайрылып, токойчулар жардамга келишкен.

Алар аркан жана керектүү шаймандарды алып, аралыктан туруп эликтерди бири-биринен ажыратууга аракет жасашкан, бирок андан майнап чыккан эмес.

Жефф Клоузер аттуу кызматкер жаныбарлар токойчулардан үркүп качпашы үчүн алардын мүйүзүнө төшөнчөнү ыргытып, көзүн жапкан. Эликтер качпай, бир саамга тыным алып калган учурда рейнжер бир ок менен кайчылашкан мүйүзгө таамай аткан.

Жаныбардын мүйүзүнүн учу сынып түшүп, алар чырмалышкан жеринен заматта бошонгон. Жаныбарлар октон жабыркаган эмес.

30
Белгилер:
куткаруу, ок атуу, окуя, элик, токойчу
Тема боюнча
Ата албай калган камандан чаңырып жатып кутулган. Италиядагы аялдын видеосу
( / / )

Адис: Япония менен Кореянын жарандары КРге кызыгат, бирок келе албай жатышат

19
Туризм тармагындагы адистин айтымында, Кыргызстанга чыгыш өлкөлөрүнүн жарандарынын кызыгуусу күч. Бирок алар келиш үчүн жолго эле эки күндөй убакыт коротушу керек.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Япониялык жана түштүк кореялык туристтер Кыргызстанга абдан кызыгышат. Бирок ыңгайлуу аба каттамдары жок болгондуктан келгиси келбейт. Бул тууралуу "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Эмне себептен Кыргызстан кышта туристсиз калуу коркунучуна кептелди? Тоо лыжа базаларындагы абал" аттуу брифингге катышты.

Анын айтымында, Кыргызстан үчүн эки өлкө тең ири рынок болуп бере алат.

"Эгер туризм тармагындагы программаларды ишке ашыра турган болсок, перспективасы күчтүү рыноктордун бири Япония болуп эсептелет. Азыр деле бизге япониялыктар көп келишет, бирок аларга учуп келүүгө ыңгайлуу эмес. Токиодон Бишкекке келүүнүн эң жакын жолу Москва аркылуу жайгашып, эки күнгө созулат. Нур-Султан шаары аркылуу келсе деле ушунча убакыт кетет", — деди ал.

Комиссаровдун айтымында, Түштүк Корея менен дагы ушул сыяктуу кырдаал түзүлгөн.

"Түштүк Корея — эң сонун рынок, бул өлкөнүн жарандары Кыргызстанга көп каттайт. Төрт жыл мурда Бишкек — Сеул каттамы ачылган, бирок кардар жок болгондуктан, жарым жылдан кийин жабылып калган. Биз каттамды аткарган авиакомпания даярданбай туруп иш баштап алганына таң калганбыз. Жадагалса жергиликтүү туроператор каттам ачылгандыгы боюнча ЖМКлардан угушкан", — деди адис.

Ал кошумчалагандай, башка мамлекеттер кайсы бир өлкөгө аба каттамын ачуу үчүн алгач туристтик агенттиктер менен сүйлөшүп, кардар чогултушат.

19
Белгилер:
авиакаттам, туризм, Түштүк Корея, Япония, Кыргызстан
Тема боюнча
New York Times КРди 2021-жылы саякаттоого сунушталган өлкөлөрдүн катарына кошту