UFC мушкери Валентина Шевченко

Ысык-Көлгө сөзсүз барабыз! Шевченко Жээнбековго ыраазычылык айтты. Видео

1774
(жаңыланган 10:06 10.02.2020)
Кыргызстандык мушкер 9-февралга караган түнү АКШда өткөн UFC турниринде атаандашын утуп алган. Беттештен кийин спортчуну президент куттуктаганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченко аны жеңиши менен куттуктаган президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди. Мушкер алкыш айткан видеосун Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Анын айтымында, куттук айткан өлкө башчы Ысык-Көлгө эс алууга чакырган.

"Кыргызстандын президенти Сооронбай Шарипович телефон аркылуу байланышып, жеңишим менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Машыктыруучум Павел (Федотов) менен эжем Антонинага салам айтып кой деди. Абдан жагымдуу болду. Бул чоң мотивация. Сооронбай Шарипович бизди жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Биз сөзсүз барабыз. Чоң рахмат, урматтуу президент", — деген Шевченко.

Эскерте кетсек, 9-февралга караган түнү Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен утуп алган. Муну менен мушкер наамын үчүнчү ирет коргоп калды.

1774
Белгилер:
жеңиш, мушкер, видео, куттуктоо, Сооронбай Жээнбеков, Валентина Шевченко, UFC
Тема:
Шевченко менен Чукагяндын беттеши (12)
Тема боюнча
Шевченко америкалык Чукагянды баш көтөртпөй жеңип алды
Чукагяндын маңдайын жарып, ай-буйга келтирбей урду. Шевченконун жеңиши видеодо
Шевченко жеңишинен кийин лезгинка бийлеп, Кыргызстанга салам айтты. Видео
Шевченко чемпиондугун коргоо боюнча Нурмагомедовдон ашып кетти
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

21
(жаңыланган 23:18 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын билдирди.

21
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Песковдун жубайы Навкадан да COVID-19 табылып, абалы кандай экени айтылды
Шамалга учкан чатыр. Архивдик сүрөт

Бакты омкоруп, чатырды кагаздай учуруп... Екатеринбургдагы шамалдын видеосу

169
(жаңыланган 22:09 25.05.2020)
РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Урал жана анын борбору Екатеринбург шаарында (Россия) дүйшөмбү күнү кечинде катуу бороон-чапкын болду. Ал учурда тартылган видеолорду интернет колдонуучулар социалдык тармактарга жүктөдү.


Кадрларда көрүнүп тургандай, шамал темир такталарды, курулуш таштандыларын асманга сапырып жатат.

Башка видеодо жерге түшүп калган темир чатырдын үстүндө турган кишини шамал алып ыргытып, темирди кагаздай желбиретип учуруп кеткенин көрүүгө болот.

РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.
Материалдык чыгым эсептелип жатат.

169
Белгилер:
Россия, Екатеринбург, шамал, кырсык, аба ырайы
Тема боюнча
Автобусту алып бараткан катуу шамалдын видеосу. Индиядагы окуя
Суу каптаганы аз келгенсип, эми куюн кууратты. Казакстандагы окуянын видеосу