Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен. Архивдик сүрөт

Курман болгондордун жакындарына көңүл айтам! Жээнбеков Токаев менен сүйлөштү

299
(жаңыланган 18:23 10.02.2020)
7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Кийин Кордай тараптан Кыргызстанга чек арадан балдар, аялдар, улгайгандар өтүп, алардын бир нечеси Токмоктогу ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы Токаев менен Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулап, ага колдоо сөздөрүн айткан.

"Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады. Президент Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартиби боюнча маселелерди талкуулашты.

Окуянын чоо-жайы

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык автоунаасына таш ыргыткан.

Аталган мушташтан бир нече адам каза тапкан.

Ал күндөрү Кордай тараптан Кыргызстанга чек арадан балдар, аялдар, улгайгандар өтүп, алардын бир нечеси Токмоктогу ооруканага жаткырылган.

9-февралда Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кеткен.

Кордайдагы окуя тартип коргоо органдарынын көзөмөлүнө алынып, окуянын кесепетин жоюу жана анын кантип чыкканын аныктоо максатында Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Бердибек Сапарбаев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Кийинчерээк Казакстандын Ички иштер министрлигинен Кордай районунун Масанчи айылындагы башаламандык кандай башталгандыгын айтып беришкен.

Касым-Жомарт Токаев 10-февралда Кордайдын акимин иштен алууну тапшырды.

299
Белгилер:
Касым-Жомарт Токаев, Сооронбай Жээнбеков, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы чыр (21)
Тема боюнча
Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кетти
Казакстандагы жапырт мушташ эмнеден чыкканын ИИМ түшүндүрүп берди
Казак бийлиги Кыргызстанга качкан жарандарына кайрылуу жасады