Ата-эне баласынын мектепте жеген тамагына чейин онлайн көрөт. Долбоор башталууда

© Sputnik / Эмиль СадыровШкола в селе Дон-Алыш Кочкорского района
Школа в селе Дон-Алыш Кочкорского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги "Келечектин мектеби" долбоорун иштеп чыкты. Анын алкагында ата-эне баласынын мектепке келип-кетип, кайсы сабакты окуп, кандай ийгиликтерге жетишкенин онлайн түрүндө көрүп турат. Жада калса эмне тамак жегенин да биле алат.

Электрондук система быйыл сынамык иретинде өлкөдөгү 10 мектепке киргизилет. Ал Megacom улуттук компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылмакчы. Тийиштүү меморандумга бүгүн министрлик менен компаниянын жетекчилери кол койду. 

© Фото / пресс-служба Минобразования КРМеморандумга кол коюу
Ата-эне баласынын мектепте жеген тамагына чейин онлайн көрөт. Долбоор башталууда - Sputnik Кыргызстан
Меморандумга кол коюу

Каралган жеңилдиктер жана артыкчылыктар

Атайын чип, электрондук билерик жана жүздү таануу системасы аркылуу окуучулар менен мугалимдердин мектепке кирип-чыкканы катталып турат. Балдарынын мектепте канча убакыт жүргөнү тууралуу ата-энесине SMS билдирүү жөнөтүлөт;

Электрондук журнал жана күндөлүктөрдүн жардамы менен окуучулардын алган бааларын, калтырган сабактарынын санын көрүүгө болот;

Электрондук китепкана — китеп фондунун бирдиктүү базасы түзүлөт. Окуу куралдарынын кимге, канча мөөнөткө берилгени автоматтык түрдө базага түшөт. Эгер окуучу китепти убагында алып келбесе ата-энесине билдирүү келет. Мындан сырткары, электрондук китептерди көчүрүп алып окууга шарт түзүлөт;

Окуучулар экзамен башталышына чейин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылтан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган сабакты гана окуп баштайт
Электрондук тесттер — окуучулар компьютер менен онлайн тест тапшырып, автоматтык түрдө баа коюлат. Бул мугалимдин ишин жеңилдетип, ар бир кагазды текшерип убара кылбайт;

Видеоконференциялар жана вебинар түрүндө аралыктан окутуу. Мында аймактагы окуучуларга борбордогу мектептердин мугалимдери маал-маалы менен сабак өтөт. Видеобайланыш аркылуу бир теманы талдап, суроолоруна жооп берет. Ал видео базада сакталуу болот. Эгер бир окуучу ооруп же башка себептерден улам катышпай калса, өздүк кабинети менен кирип көрө алат.

Окуучуларга мектептин ашканасынан тамак алуу жана коомдук транспортто жүрүү үчүн электрондук карточка берилет. Ата-энеси баласы кандай тамак жеп жатканын көрүп турат. Муну менен окуучунун накталай акча кармап жүрүшү чектелет. Ал карточканы баланс сыяктуу эле толтуруу мүмкүн. Эгер анда акчасы түгөнүп калса, белгилүү суммага чейин карызга тамак бериле берет.

Ата-эне кантип көзөмөлдөйт?

Ата-энелерге өздүк кабинет ачылып, маалыматтык базага кошулат. Ал жактан өзүнүн гана баласынын аракеттерине байкоо жүргүзөт. Базага жогоруда жазылган пункттардын баары киргизилет.

Өздүк кабинет ачуу үчүн ата-энесинин телефон номери, электрондук почтасынын дареги жана баласынын сүрөтү талап кылынат. Андан соң ата-эне телефон же компьютер аркылуу баласын онлайн көзөмөлдөй алат.

Качан ишке ашат?

Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаштарды жумушка алган ишкананы салыктардан бошотуу сунушталды. Жол-жобосу
Бул долбоорго азырынча "Акылдуу мектеп", "Келечектин мектеби" жана "Санарип мектеп" деген жумушчу аталыш берилген, бирок бири тандалып, так бекитиле элек.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бул программа жүзөгө ашкандан кийин мугалимдердин көп жумуштары автоматташтырылып, убакытты бир топ үнөмдөй турганын белгиледи.

"2019-жылы ушул долбоордун моделин иштеп чыкканбыз. Быйыл жүзөгө ашыруу пландалган. Ноябрдын аягына чейин пилоттук режимдеги 10 мектепти бүтүрүп, сиздерге көрсөтөбүз. Андан ары демөөрчүлөрдүн көмөгү менен бүт аймактарга жайылтылат. Бул система иштеп баштаса кошумча штат керектелбейт, мектептерде маалыматтык камсыздоо адистери бар. Ата-энелерден көп суммадагы акча жыйналбайт, бирок кайсы бир бөлүктөрү үчүн сурашы мүмкүн", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал өлкөдөгү мектептердин 98,7 пайызы интернет менен камсыздалганын кошумчалады.

Каражат кайдан алынат?

Пилоттук 10 мектепти тийиштүү жабдуу менен камсыздоо жана орнотууну Megacom компаниясы мойнуна алууда. Бюджеттен каражат талап кылынбайт.

Компаниянын директору Акылбек Жамангулов бир мектеп үчүн канча акча сарпталарын так айтуудан карманып, бирок мында коммерциялык кызыкчылык жок экенин айтты.

"Чоң бизнестин акчанын артынан куубай, социалдык жоопкерчилиги да болушу керек. Муну биз социалдык долбоор катары колдоп жатабыз. Өзүбүздүн ички ресурстар — программист, IT-адистери, менеджерлик жана техникалык курам жетиштүү. Кээ бир сервер, турникет, видеокамераларды гана сатып алабыз. Азырынча канча каражат жумшалары белгисиз. Техникалык экономикалык негиздемеси чыккандан кийин айта алабыз", — деди Жамангулов.

Лицей Мориса Равеля в Париже - Sputnik Кыргызстан
Министр Фальков Россияда канча кыргызстандык билим алып жатканын айтты
Мындан сырткары, ал окуучулардын жеке маалыматтарынын корголушуна Билим берүү министрлиги жооптуу экенин белгиледи.

"Биз техникалык жагын гана тейлейбиз, жеке маалыматтар министрликтин өзүндө сакталат. Электрондук система менен иштей турган мугалимдерди да окуудан өткөрөбүз. Үч айдан кечиктирбей алгачкы мектепти пайдаланууга беребиз. Пилоттук долбоор быйыл ишке ашса, андан ары да кызматташууга даярбыз", — деди директор.

Жамангулов өлкөнү санариптештирүү жылына карата ушул сыяктуу долбоорлорду Айыл чарба министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлигине да сунуштап жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0