Чүй милициясы айдоочуларга эскертүү берди

Жазылуу
ӨКМдин берген маалыматына караганда, 12-февралга чейин аймактарда кар жаап, күн сууктайт. Милиция айдоочулардан жол эрежесин сактоону суранды.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Катаал аба ырайына байланыштуу Чүй милициясы айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, аралыкты сактоого чакырды.

Первый снег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Көпчүлүк аймактарга кар түшөт. Бир жумага карата аба ырайы
Кар жааганына байланыштуу инспекторлор Чүйдүн аймагында, Төө-Ашууда кызмат өтөп жатышат. Мындан сырткары, жолдорго 175 тонна кум төгүлүп, 25 атайын техника иштөөдө.

Ал эми 25 жумушчу Бишкек — Ош жолундагы 60-чакырымдан 209-чакырымга чейинки аралыкты кардан арылтууда.

Эске салсак, буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү тараткан. Ага ылайык, 10-11-12-февралда аймактарда кар жаап, күн сууктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0