Бишкектеги жеке медициналык борборлордун кожоюндары ким? 1-бөлүм

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКлинический центр онкологии и ядерной медицины в Челябинске
Клинический центр онкологии и ядерной медицины в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жеке медициналык борборлор жыл санап көбөйүп бара жатат. Көпчүлүк учурда ага жарандар убакыт үнөмдөө жана ыңгайлуулук үчүн кайрылганы байкалат.

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканаларда кезек күткөндөр, жатып дарыланууга орун таппагандар көп экенин көрүп эле жүрөбүз. Балким ушундан улам болсо керек, өлкөдө жеке медициналык борборлордун саны арбын. Мисалы, Бишкек шаарында эле 90го жакын менчик клиника иштейт (бул көрсөткүчкө стоматологиялык борборлор кошулган жок).

Церемония открытия Ошской городской клинической больницы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жеке клиникалардын дареги, телефон номерлери, картасы
Көпчүлүгүндө мамлекеттик ооруканаларда табылбаган заманбап жабдуулар бар. Андыктан капчыгы мүмкүнчүлүк бергендер дал ушул менчик клиникаларга кайрылууну оң көрөт.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан Бишкекте ар кандай медициналык кызматтарды сунуштаган ишканаларга жана аларга кимдер ээлик кыларына кызыгып көрдү.

Маалыматтар Юстиция министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайттарынан алынды. Баса, жогоруда айтылгандай, жеке борборлордун саны көп болгондуктан, бул ирет биринчи гана бөлүгүн сунуштайбыз.

"Кортекс" медицина борбору

Неврологиялык жана ага байланыштуу дарттарды аныктоо, дарылоо, алдын алуу менен алектенет.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Кадыров Руслан Маннафович.

HUMAN медицина борбору

Көп тармактуу үй-бүлөлүк борбор. Дартты аныктоо, дарылоо, калыбына келтирүү жана алдын алуу кызматтарын сунуштайт.
Жетекчиси — Жайлоева Асел Таалайбековна.
Негиздөөчүлөр — Сыдыкова Гүлнара Закировна, Жайлоева Адель Таалайбековна, Жайлоева Алия Таалайбековна, Жайлоева Асел Таалайбековна.

"Лазмик" медицина борбору

Лазердик жана нанотехнологиялык медициналык кызматтарды көрсөтөт.
Жетекчиси — Клевцов Евгений Викторович.
Негиздөөчүлөр — Клевцов Алексей Викторович жана Клевцов Евгений Викторович.

"Поликлиника 312" медицина борбору

Дартты аныктоо жана оорулууну сакайтуу иштери менен алектенет.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Абдрасулова Фатима Корошевна.

NEOMED медицина борбору

Көп тармактуу медициналык борбор.
Жетекчиси — Берилло Наталья Алексеевна.
Негиздөөчү — Вуйчик Павел Роберт.

Профессор Асымбекованын клиникасы

Гинекология жаатына артыкчылык берген көп тармактуу борбор.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Асымбекова Гүлнара Уметовна.

On Clinic медицина борбору

Көп тармактуу бейтапкана.
Жетекчиси — Медетбекова Кымбат Сыдыкбековна.
Негиздөөчүлөрү — "Он Клиник Адвансд Медикал Институт Б.В." ЖЧКсы, Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович, Кундузов Яшнар Шухратжонович.

Доктор Громованын медицина борбору

Көп тармактуу медициналык борбор.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Громова Зарема Загидовна.

"Гиппократ" медицина борбору

Көп тармактуу медициналык борбор.
Жетекчиси — Жетешиков Султан Жетешикович.
Негиздөөчүлөр — Болотбек уулу Арсен, "ТОРГОВО-ВЫСТАВОЧНЫЙ ЦЕНТР "СТРОЙМАРКЕТ" ЖЧКсы.

"Семья и здоровье" медицина борбору

Негизги ишмердүүлүгү — акушерлик-гинекология жана урология.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Романенко Любовь Викторовна.

"Лазмед" медицина борбору

Лазердик медицинага басым жасаган көп тармактуу медициналык борбор.
Жетекчиси — Шалтакова Гүлбү Чаловна.
Негиздөөчүлөр — Шалтакова Гүлбү Чаловна, "Салымбековдун университети" мекемеси;

"Цадмир" медицина борбору

Гепатологиялык борбор.
Жетекчиси — Тобокалова Сапарбү.
Негиздөөчүлөр — Бекенов Санжар Суюмбаевич, Тобокалова Сапарбү.

Бекбоевдин медициналык борбору

Көп тармактуу бейтапкана.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Бекбоев Темирбек Бекбоевич.

Banur Medical медицина борбору

Дартты аныктоо жана дарылоо менен алектенген көп тармактуу бейтапкана.
Жетекчиси — Токталиев Мелисбек Карымбаевич.
Негиздөөчүсү — Узакбаева Банур Макешовна, Токталиев Мелисбек Карымбаевич.

Almena Clinic медицина борбору

Негизинен гинекология жана кулак-мурун ооруларына басым жасаган кеңири профилдүү борбор.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Абасов Полать Гаджиевич.

Доктор Кыдырованын медициналык борбору

Көп тармактуу бейтапкана
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Кыдырова Кундуз Шакировна.

Unimed Clinic медицина борбору

Көп тармактуу медициналык борбор.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Кадиев Ислам Русланович.

"Альтра S" балдар медициналык борбору

Негизинен УЗИ жана дартты аныктоо менен алектенет.
Жетекчиси — Тугунтаева Альфия Юрьевна.
Негиздөөчүсү — Цыганов Александр Васильевич, Тугунтаева Альфия Юрьевна.

A Clinic медициналык борбору

Багыты — кардиология.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Ибраева Асел Кеңешбековна.

"Кудрет Гез Бишкек" медициналык борбору

Көз хирургиясы боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Бахадыр Седат

Жаңылыктар түрмөгү
0