Лаборатория кызаткери. Архив

Коронавирустун инкубация мезгили 24 күн болушу мүмкүнбү? Министрликтин жообу

402
(жаңыланган 14:51 11.02.2020)
Кыргызстанда коронавирустун кездешкен учуру каттала элек. Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан жарандар боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги эгерде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) коронавирустун инкубациялык мөөнөтү боюнча клиникалык жаңы нускама берсе жарандарды карантинде кармоо мөөнөтүн карап көрөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга аталган министрликтин маалымат кызматынан айтышты.

Буга чейин бир катар ЖМКларда коронавирустун инкубациялык (жуккандан тарта белгилери байкалганга чейин) мөөнөтү 14 эмес, 24 күн экени кабарланган. Андан көп өтпөй Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантин боюнча сунуштарды карап көрүүнү ойлонуштуруп жаткан маалымат чыккан.

Кыргызстандын министрлигинен эгерде ДСУ жаңы нускама берсе жарандарды карантинде кармоо мөөнөтүн карап көрө тургандыктарын билдиришти.

"Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ДСУнун инкубациялык мөөнөтү 14 күн деген клиникалык нускамасы боюнча иштеп жатабыз", — деп айтышты аталган ведомстводон.

Кыргызстанда коронавирус менен ооруп калды деп тастыкталган учур катталган жок, абал учурда туруктуу.

Бүл күндөрү стационарда 96 киши жатат, ал эми жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө 490 киши алынган. Алар вируска шектенип өздөрү кайрылган же чет өлкөдөн, анын ичинен Кытайдан келгендер. Алардын баарынын ден соолугу канааттандырарлык.

Кытайда акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустан өлгөндөрдүн саны 1 016га жетти. 3 996 киши ооруп калып, бирок айыгып кеткен. Ал эми 42 638 адам вирусту жуктуруп алган.

Эскерте кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында ДСУга Хубэй провинциясынын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылганын кабарлаган. Адистер аны иликтеп көрүп, ооруну 2019-nCoV коронавирусу козгоп жаткандыгын айтышкан. ДСУ муну дүйнөлүк алкактагы өзгөчө кырдаал деп тааныган.

Коронавирустан улам Кыргызстан Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамдарын токтоткон. Оорунун очогу болгон Ухандан Бишкекке кыргызстандык 18 жаран эвакуацияланган. Учурда алардын медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө турганы айтылды.

402
Белгилер:
коронавирус, Кыргызстан, Кытай
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1104)
Тема боюнча
Коронавирустун инкубациялык мөөнөтү 14 эмес, 24 күн болушу мүмкүн
Коронавирустан өлгөндөрдүн саны 1000ден ашты
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков

Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

2
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков өлкөдө кышкы туризм да киреше алып келе албай тургандыгын айтып, бул тармактагы ишкерлерге тынчсызданды.
Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

Коронавирустун таасиринен улам болгон туризм тармагындагы кризистин таасири алдыда билинет. Мындай пикирин Эрмек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус туризм бизнесин эки доорго бөлүп койду.

Кыргызстанда туризм тармагында канча адам ишсиз калды. Кейиштүү сандар

"2019-жылга салыштырмалуу туризм багытындагы өнүгүү тескери динамиканы көрсөтүп калды. Көпчүлүгү кризис деп жатат. А чынында каатчылык эми болот. Себеби туризм менен жан баккан аймактарыбыз бар. Алсак, Ысык-Көл облусунун тургундары, ишкерлери турсезондо каражат таап, аны менен бир жыл жашайт. Быйыл андай болгон жок. Демек, алар мурда топтолгон, катылган каражаттарын колдонушууда. Ал акчалар деле акыры түгөнөт. Мына ошондо биздин экономика, коом үчүн кыйын убак келет. Албетте, учурда кышкы туризмди тосуп алууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бирок медиктер боолголоп жаткандай эпидемиологиялык абал кайрадан начарласа, кышкы туризм тармагында кызмат көрсөткөн ишкерлер дагы катаал күнгө туш болушу ыктымал. Негизи эле бул вирус дүйнө жүзүндөгү туризмди эки доорго бөлүп койду", — деди Мырзабеков.

Ошондой эле ал туризм тармагына өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жеткиликтүү деңгээлде таканчык боло албастыгын кошумчалады.

2
Белгилер:
каатчылык, коронавирус, туризм
Тема боюнча
Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү
Дипломат Талгарбек Сарбанов (экинчи катарда) космонавттар Юрий Гагарин жана Валентина Терешкова менен Мехико шаарында. 1963 жыл

Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

36
(жаңыланган 19:43 24.10.2020)
Бүгүн, 24-мартта, КР дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп жатат. Колумнист Алмаз Батилов өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлүп, алгачкы дипломаттар кантип тапталганын баяндап берди.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Бириккен Улуттар Уюму негизделе баштаган. 1945-жылы 4-11-февралда Ялта шаарында Гитлерге каршы күрөшкөн өнөктөш державалардын башчылары Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт жана Уинстон Черчилль жолугуп, БУУ түзүү тууралуу сүйлөшкөн. Ошон үчүн 1944-жылы Советтер Союзунун жетекчиси Иосиф Сталин көрөгөчтүк кылып 15 союздук республикада Тышкы иштер министрликтерин түптөгөн. Анын максаты БУУда көпчүлүктү түзүү болчу. Ошентип 1944-жылы 17-марттан тарта Кыргыз ССРинин ТИМи иштей баштаган.

Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых

Кыргыз элинин тунгуч дипломаты Закон Турдукулов

(1928-1974)

Алгачкы карлыгач дипломат тууралуу уулу Феликс төмөнкүлөрдү айтып берди: 

— Атам кыргыз жаштарынын ичинен биринчилерден болуп Кыргыз мамлекеттик университетиндеги чет тилдер факультетинин англис тил бөлүмүн бүтүргөн. 1956-жылы жетекчилик анын зиректигин байкап Фрунзе шаарындагы комсомол аткаруу комитетинин биринчи катчылыгына дайындайт. 1957-жылы Москвада жаштар менен студенттердин VI дүйнөлүк фестивалына катышкан атамдын чет элдик делегациялар менен бат тил табышканын жана уюштуруу сапаттарын жетекчилик байкайт. 1958-жылы борбор аны жарым жылда дипломатия кызматына даярдоо үчүн Москвадагы эл аралык институту менен Советтер Союзунун ТИМине жөнөтүп, атам билимин жогорулатат. Ошол эле жылы алты ай Лондондо англис тилин дагы тереңдетип үйрөнөт.

1959-жылы ал Ирактагы совет элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындалат. Ошентип советтик дипломатияда кыргыздын ичинен алгачкы карлыгачы атам болду. Ал Жакынкы Чыгышта да элибизден чыккан биринчи дипломат эле. Себеби Иракты 1921-жылдан баштап 1958-жылга чейин Мухаммед пайгамбардын тукумдары Хашимит династиясы башкарган. 1944-жылы бул мамлекет СССР менен дипломатиялык мамиле түзүп, 11 жылдан кийин Москва менен бардык алаканы үзөт. 1958-жылы 14-июлда аларга каршы генерал Абдель Керим Касем тарапкерлери менен кутум уюштуруп, жыйынтыгында падышанын үй-бүлөсү жана буларга жакын элитанын көпчүлүгү өлтүрүлөт. Генерал Касем бийликке келип, республика түптөлгөнү тууралуу жарыялап, Советтер Союзу менен дипломатиялык мамилени кайрадан жандандырат. Ошол эле учурда Ирактын АКШ жана Улуу Британия менен мамилеси начарлайт. Бир жыл Багдадда атама жергиликтүү котормочу араб тилин үйрөтөт. Ошол эле учурда элчиликтеги жумуштан сырткары ал Ирактын борборундагы типографиялардын бирине жөнөкөй жумушчу болуп орношуп араб тилин дагы өркүндөтөт. Бир жылдан кийин атам араб тилинде эркин сүйлөп, жазганды үйрөнөт. Өлкөнүн ак сөөктөрү жана калктын башка катмары менен бат тил табышып, расмий Багдад менен Москванын ортосундагы мамилени чыңдоого зор салымын кошот. Мындай ийгиликтери үчүн СССРдин ТИМинин экинчи катчы наамы ыйгарылат. Ошол эле убакта атам Ирактын ички жана тышкы саясатынын багытын тыкыр изилдеп, Москвага так маалымат берип турган. 1961-жылы 7-ноябрда атам совет элчилигинде Улуу Октябрь революциясына байланыштуу салтанаттуу кече өткөрөт. Белгилей кетчү жагдай, дүйнөлүк дипломатияда мындай вазыйпаны элчи аткарат. Баш-аягы атам Иракта беш жылга жакын иштеди. Ал бул өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу илимий эмгегин жазып баштаган. СССР ТИМинин жетекчилиги аны Того республикасына (Батыш Африка) элчи кызматына сунуштаган. Бирок бул сунуштан атам үй-бүлөлүк шартка байланыштуу баш тартууга аргасыз болгон.

Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган

СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

(1931-2015)

(Полот Искаковдун "Дипломат Советского Союза. Тридцать лет на дипломатической службе" аттуу өмүр баяны жөнүндө жазган китебинен үзүндү) 

Генконсул СССР в Алжире Полот Искаков. Город Оран 1987 год
© Фото / из семейного архива Искаковых
СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

— 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин геология-географиялык факультетин аяктадым. Адегенде Кыргыз ССРинин комсомолунун Борбордук комитетинде иштедим. Бул кызматка мени Закон Турдукулов чакырган. 1961-жылы жетекчилик Москвадагы Советтер Союзунун ТИМинин курамындагы Жогорку дипломатиялык мектебине жиберди. Ушул жогорку окуу жайда француз тил бөлүмүндө үч жыл окудум. 1963-жылы Тунистеги СССРдин элчилигинде үч ай практика өттүм. Анткени 1881-1956-жылдары бул мамлекет Франциянын карамагында болчу. 1964-жылы Дипломатиялык мектепти ийгиликтүү аяктаган соң кайрадан мени Тунис Республикасындагы Советтер Союзунун элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындашты. (Белгилей кетчү жагдай, Полот Искаков Түндүк Африкада теги кыргыз дипломаттардын ичинен биринчи болуп иштеген — ред.). Тунисте маданий, ар түрдүү коомдук, саясий уюмдар менен байланыштар, экономиканын айрым тармактары жана консулдук багыт боюнча иштедим. Бир ирет Тунис шаарындагы жашаган теги орус ак эмигрант элчиликтин кеңсесине келип мени менен жолукту. Ал улуу орус композитору Сергей Рахманиновдун жеке катчысы экен. Бул эмигрант анын айрым күндөлүктөрүн, жазмаларын, фотографияларын жана ноталарын СССРдеги музейге өткөрүп берүүнү өтүндү. (1943-жылы Сергей Рахманинов АКШда каза болуп, сөөгү Нью-Йорк калаасынын жанындагы Кенсико көрүстөнүнө коюлган — ред.). Катчынын өтүнүчүн орундатып, элчи менен кеңешип, жогоруда айтылган архивди кабыл алып, Москвага жибердим. Ошентип Рахманиновдун баа жеткис мурасы Ата Мекенине кайтты.

CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов

(1927-2005)

(Архивдик материал) 

Консул Талгарбек Сарбанов с коллегой в Мехико. 1963 год
© Фото / из личного архива Советбека Сарбанова
CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов (оң жакта)

— 1957-жылы Ош облусунун комсомол комитетинде иштеп жүргөн учурда Фрунзеге жумуштарым менен келдим. Мени ошол убактагы Кыргыз ССРинин башчысы Искак Раззаков чакырды. Ал СССРдин ТИМинде иштөөнү сунуштады. Себеби советтик дипломатияда кыргыздар жокко эсе экен. "Ошко учуп барып жубайың менен кеңешип, кечинде жообуңду бер", — деди Искак Раззакович. Учуп келип, дароо эле Ош облусунун жетекчиси Борис Яковлев менен кеңештим. Ал: "Балам, эч ойлонбой Раззаковдун сунушуна макул бол, адамдын өмүрүндө мындай сунуш бир гана жолу болушу мүмкүн, бул оң ийниңе конгон дөөлөт", — деп сүрөп кетти. Эртеси Раззаковго макулдугумду берип, телеграмма жибердим. Дипломатияга жолдомо берген Искак Раззакович менен Борис Павловичке терең ыраазымын. Ошентип Түндүк жана Түштүк Америкада иштеген кыргыздан чыккан биринчи дипломат болдум.

Университетте ким болорумду билбей эле окугам. Элчи Нургазы Кемелбаев менен маек

Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев

(1923-2006)

Белгилүү маданият ишмери Шаршеналы Усубалиевдин кызы Гүлнара атасынын дипломатиялык жумушу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: 

Посол Шаршеналы Усубалиев (слева второй) в Египте. 1974 год
© Фото / из личного архива Гульнары Усубалиевой
Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев (солдон экинчи)

— Кыргыз ССРинин жетекчиси Турдакун Усубалиев менен атамдын ортосунда пикир келишпестик чыгат. Ошон үчүн Москва аны СССРдин коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин кадрлар резервине алып кеткен. Атамдын дипломатиялык карьерасы ошол жерден башталган десе болот. 1970-1971-жылдары бүткүл союздук «Совэкспортфильм» бирикмесинин Азия менен Африка өлкөлөрү боюнча ага консультанты болуп эмгектенди. Ошол эле учурда борбор ага чет мамлекеттерде иштөө үчүн англис тилин жана дипломатиянын эрежелерин үйрөткөн. Андан кийин 1971-1977-жылдары атам Египет Араб Республикасында жогоруда айтылган бирикменин өкүлү кызматына дайындалат. Ал Сирия менен Египет биргелешип Израилге каршы согушканына күбө болгон. Бул согуш СССР менен АКШнын кийгилишүүсү менен токтойт. 1976-жылы апам Паиза Дадабаева кайтыш болуп калды. Ошого карабастан атам Египетте дагы бир жыл иштеди. Бул өлкөдө иштеген күндөрү тууралуу ал «Нил боюндагы жаңырык» аттуу китеп жазган. 1977-жылы ал Кыргыз ССРинин Мамлекеттик киносунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги

1989-жылы Кыргызстанга белгилүү советтик жана россиялык илимпоз, мамлекеттик ишмер Евгений Примаков келди. Себеби Евгений Максимович Кыргыз ССРинин атынан СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган эле. Ал шайлоочулары менен жолукканы келгенде жергиликтүү аткаминерлер Примаковдун каалаганын аткарууга даяр экенин айтышат. Евгений Максимович атактуу маданият ишмери Шаршеналы Усубалиев менен жолуксам деген бир гана өтүнүчүн айтат. Биздин аткаминерлер аябай таң калып, атамды кайдан тааный турганын сурашат. "1970-жылдары аны менен Египетте таанышып,  курч кырдаалда чогуу иштегенбиз" дейт Примаков. Ошондо атамды таап Евгений Максимович менен кезиктиришет. Экөө тең капысынан жолукканына сүйүнүнүп, бири-бирин көрүп, абдан кубанышат. Канча жылдан кийин кезиккен эки үзөңгүлөш бир топко чейин чер жаза сүйлөшөт. Евгений Максимович дайыма атам тууралуу жылуу гана сөз айтчу. Анткени Примаков анын адамгерчилиги менен адискөйкүлүгүн аябай сыйлачу.

36
Белгилер:
кызмат, Африка, Ирак, Мексика, Кыргызстан, СССР, дипломатиялык ишмер, элчи
Тема боюнча
КР элчилиги коомчулукту дүрбөткөн дипломаттын кебине жооп кайтарды
Белгилүү дипломат Эрик Асаналиев көз жумду
Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты