Кайгуул милициясы Бишкектеги мектептин жанынан карышкыр кармады. Видео

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаКайгуул милициясынын кызматкерлери Борбор калаадагы №41 мектептин жанында жүргөн карышкырды кармады
Кайгуул милициясынын кызматкерлери Борбор калаадагы №41 мектептин жанында жүргөн карышкырды кармады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиционерлер кармаган бөлтүрүктү Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына өткөрүп берди.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кайгуул милициянын кызматкерлери Борбор калаадагы №41 мектептин жанында жүргөн карышкырды кармады. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милиция кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-февралда, саат 12:10дор чамасында шаардын Республика көчөсүндө карышкыр жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке Кайгуул милициянын кызматкерлери барганда чынында эле карышкыр жүргөнү аныкталган. Милиционерлер жырткычты кармап, Экотехинспекциянын кызматкерлерине өткөрүп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0