Вирустук оорулардан кантип сактанса болот? Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүГорода России. Симферополь
Города России. Симферополь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын катарында дүйнөнү дуу кылган коронавирустан сасык тумоого чейин бар. Сасык тумоо аты жеңил угулганы менен ал деле адамдын алын кетирип, төшөккө айлап жаткырып коёт.

Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларды жуктуруп албаш үчүн эмнелерди билиш керек? Оорудан оолак, дарттан алыс болом десеңиз оорулардын алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Чынара Мамбеталиеванын кеңештерин окуңуз.

Дарыгердин айтымында, курч мүнөздөгү респиратордук-вирустук инфекциялар, анын ичинде сасык тумоо вирусу абанын температурасы төмөндөөрү менен туруктуу болуп калат. Башкача айтканда, алар суукту сүйөт. Ошол себептен адамдар кеч күздөн тарта сасык тумоого кабылып, кышы бою ооруйт.

Сасык тумоо жана башка вирустарды жуктуруп албоо үчүн кеңештер:

Аба ырайына жараша кийинүү. Күн сууктап баштаганда эле адамдар баштарына топу кийип, буттарын жылуу кармап, чыйрыгып калбаганга аракет кылышы керек. Күн суукта жука кийинип жүрүү адамдын иммундук системасын да алсыз кылып коюшу мүмкүн.

Сарымсак, пияз жана перец. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоодон оолак болуунун кыргызча жолдору. Апамдан үй шартындагы беш лайфхак
Иммунитетти жакшыртуу. Кыш мезгилинде витамин аз болуп адамдын иммунитети да түшүп кетет. Иммунитет жакшы болуш үчүн спорт менен машыгып, мүнөздөп тамак ичүү керек. Башкача айтканда, күндө эле окшош тамак жей бербей, рационго май, углевод, белок, минералдарды аралаштыруу кажет. Ошондой эле жашылча-жемишти да үзбөй жегенге аракет кылган жакшы. Мындан сырткары, таза абага көбүрөөк чыгып, таза суу да ичип туруу иммунитеттин түшүп кетпешине көмөктөш болот. Негизи эле таза аба, суу, күн, кум иммунитетти жакшыртат. Ошол себептен жайкысын көлдүн жээгинде көп болгон жакшы. Денени ысык-муздак нерселерге көндүрүү, чыңоо да иммундук системага жакшы. Бирок аны дарыгердин көрсөтмөсүнөн кийин гана жасоо шарт. Алгач адам медициналык кароодон өтүшү керек. Анткени айрымдарына ысык нерсе болбойт. Денени чыңоого бир топ убакыт керек.

Үйдү тез-тезден желдетүү. Сыртта суук болгондо адамдар эшикке көп чыкпайт. Бөлмөлөр да көп желденбей, таза аба кирбей калат. Кокус коомдук жайдан же башка жерден вирус жуктуруп алса, ал үйдө көпкө кармалып туруп калышы ыктымал. Ал эми желдеткенде ал аба менен сыртка чыгат. Сыртка чыккан вирус абада калкып тура албайт, дароо өлөт. Бөлмөнү желдеткенден сырткары үйдү нымдуу чүпүрөк менен тез-тезден жууп турган оң.

Колду бат-баттан самындап жууп туруу. Коомдук жай, жумуш, адам көп жүргөн жерге барып келгенден кийин сөзсүз колду самындап жууп же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонуш керек. Колдон келсе көпчүлүккө чыкпоого аракет кылган оң.

Ооруп жаткан адамдардан алыс болуу. Чүчкүрүп, жөтөлүп жаткан киши менен кол алышып, кучакташып, өбүшүүдөн этият болуу керек. Эгер ооруп жаткан адам болсо, чүчкүргөндө оозун колдун алаканы менен эмес кагаз, салфетка же билеги менен жапканы жакшы. Алаканды тосуп чүчкүрүп, жөтөлсө, вирус анда калып калат. Аны менен адам коомдук транспорттун кармагычын жана башка нерселерди кармап, башкаларга да жуктурушу мүмкүн. Ооруп жаткан адам бет капты төрт сааттан ашык тагынбашы да керек. Колдон келсе үйдө дарыланып жатканы жакшы.

Лаборатория кызаткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун инкубация мезгили 24 күн болушу мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Эт азыктарын жакшылап бышыруу. Негизи эле эт азыктарынын бардык түрүн жакшылап бышырып жеш керек. Ошондой эле жан-жаныбарды кармап, зоопарктарга барып келгенде колду самындап таза жууп, кийимдерди да тазалаган оң.

Балдарды көп тердетпөө. Айрымдар баланы өтө калың кийгизип коёт, андан бала тердейт. Ошол учурда кийимин дароо которбош керек. Алгач терин кургатып, андан соң кийимин алмаштырган оң. Антпесе бала ысык-муздак болуп чыйрыгып, ооруп калат.

Арча, пияз, сарымсак. Вирустарды жок кылууда, вирустук ооруну алдын алууда элдик медицина жардам берет. Баары эмес, айрым гана азык-түлүктөр. Алсак, арча, пияз, сарымсак. Буларда оору козгогон вирусту өлтүрө турган зат — фитонсиддер бар. Мындан улам пияз, сарымсак жеп же туурап коюу, арча түтөтүү ашыкча болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0