Мамлекеттик курулуштун башчысы Бактыбек Абдиев. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Мамкурулуштун жетекчисине: колуңардан келбесе кеткиле!

273
(жаңыланган 13:53 12.02.2020)
Президент көп кабаттуу үй куруу үчүн 50дөй макулдашуу жана 100 кишинин колу талап кылынып жатканын билдирип, муну "чөнтөк толтурмай" деп атады.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик курулуштун башчысы Бактыбек Абдиевге ишин так аткара албаса, кызматтан кетүүсүн айтты.

Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук Кеңештин алдындагы Өндүрүштү жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин экинчи отурумун жаап жатып, президент көп кабаттуу үй куруу үчүн 50дөй макулдашуу жана 100 кишинин колу талап кылынарын белгиледи.

Ушундан улам акыркы төрт жылдан бери Doing Business рейтингинде Кыргызстан 20-орундан 90-орунга түшүп калган. Бул жерде курулушка уруксат алуу тармагындагы индикатор туурасында сөз жүрүүдө.

"Эгер колуңардан келбесе, анда кеткиле да. 100 кишинин колун жана 50дөй макулдук алуу үчүн кезекте канча туруу керек. Жөн гана чөнтөк толтурмай. Жыйынтык чыгаргыла же кеткиле", — деп айтты Жээнбеков.

Ошондон кийин гана аткаминердин отуруусуна уруксат берди.

273
Белгилер:
кызмат, Бактыбек Абдиев, президент, курулуш
Тема боюнча
Баары эле "белек" сурашат! Ишкерлер эмнеге нааразы экенин айтышты
Бир да суроо берилген жок. Парламенттик коалиция Акрам Мадумаровду колдоду
Жээнбеков: бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда чаржайыттык байкалууда
Суу каптаган жол. Архив

Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

8
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүп жатканы айтылган. Андыктан бул учурда адамдардын өзгөчө этият болушу керектиги эскертилди.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бүгүн жана эртең тоолуу, ошондой эле тоо этектериндеги райондордо күндүн ысышынан улам сел жүрүшү мүмкүн. Бул маалыматты Кыргызгидромет таратты.

"2020-жылдын 3-4-июнуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күндүн ысышына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт" , — деп айтылган маалыматта.

Мындан улам тиешелүү тараптар жарандарды этият болууга чакырды.

8
Белгилер:
суу ташкыны, дарыя, сел, аба ырайы, шашылыш билдирүү, ӨКМ
Тема боюнча
Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Ош-Тазалык муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты

"Ош-Тазалык" ишканасы таштанды чыгарган жаңы техникалуу болду. Сүрөт

40
(жаңыланган 14:35 03.06.2020)
Ош калаасындагы таштандыларды чыгаруу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыккан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты.

  • Муниципальное предприятие Ош — Тазалык получило 12 мусоровозов на центральной площади.
    "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Муниципальное предприятие Ош — Тазалык получило 12 мусоровозов на центральной площади.
    Жаңы техникалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен алынган
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов во время церемонии вручения ключей от мусоровозов на центральной площади
    Алардын ачкычын тапшырып жатып Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош-Тазалык" ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айткан
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов проехал по площади за рулем одного из мусоровозов во время церемонии вручения ключей от мусоровозов на центральной площади
    Ал Ош шаарында таштандыларды тазалоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыкканын кошумчалады.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
"Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды чыгарган 12 атайын техникалуу болгондугун Ош мэриясынан кабарлашты

Жаңы техникалар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен алынган. Алардын ачкычын тапшырып жатып Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов "Ош-Тазалык" ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айткан.

"Тазалык" ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Ошондуктан өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнүп, жалпы 14 атайын техника сатып алынган. Жаз-жайда жолго суу сээп тазалаган, кышкысын карды тазалаган төрт даана техника июль айында алып келинет", — деди Сарыбашев.

Ал Ош шаарында таштандыларды тазалоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 10 миллион евролук долбоор иштелип чыкканын кошумчалады.

"Бул акчанын 50 пайызы насыя катары берилет. Долбоордун алкагында 41,2 миң еврого 32 таштанды салган контейнер алып келинип, учурда пайдаланып жатабыз. Июнда дагы бир топ партиясы келет. Мындан сырткары, таштанды жүктөгөн дагы 12 даана автоунаа алынышы күтүлүүдө", — деди Ош шаарынын мэри.

Ушул эле долбоордун алкагында шаарга жаңы санитардык полигон куруу пландалганы да маалым болду.

40
Белгилер:
долбоорлор, таштанды, техника, Таалайбек Сарыбашев, Ош
Тема боюнча
Ош мэриясы: вирус жайылып кетсе, чектөөлөрдү кайрадан күчөтөбүз
Ош шаарында аялдамалар оңдолуп, жаңыланып жатат. Сүрөт