Катуу шамалда бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Катуу шамал болот! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

2095
(жаңыланган 15:19 12.02.2020)
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөө адамдарды жана айдоочуларды сак болууга чакырат.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

2095
Белгилер:
шамал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Көпчүлүк аймактарга кар түшөт. Бир жумага карата аба ырайы