Башкы штабдан Канттагы базага орнотулчу аскердик техника боюнча айтып беришти

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАбадагы кол салуудан коргонуучу техника. Архив
Абадагы кол салуудан коргонуучу техника. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомстводон ЖККУнун аба базасынын макамы боюнча 2012-жылы кол коюлган макулдашууга киргизилген өзгөрүүлөр туурасында маалымат таратышты.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы штабынан ЖККУнун Канттагы аскер аба базасына абадагы кол салуудан коргонуучу техниканы орнотуу боюнча Россиянын планы туурасында маалымат беришти.

Буга чейин Россиянын коргоо министри Кыргызстандын Кант шаарындагы аскер базага абадагы кол салуудан коргонуучу техника орнотуу планы коюлгандыгын айткан эле.

Урал армиялык жүк ташуучу унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кант" авиабазасы пулеметтуу "Урал" унаалары менен толукталды
Башкы штаб Россиянын президентинин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга болгон сапарында бул макулдашууга толуктоо киргизүү боюнча протоколго кол коюлгандыгын эске салды. Ал эми аталган документке 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган.

Анда Кыргызстандын аймагында пилотсуз башкарыла турган россиялык учактарды биргелешип пайдалануу шарттары каралган. Мындан сырткары, биргеликте колдонула турган аэродром зонасын, мунун ичинен учуп-конуучу тилкени оңдоп-түзөө да белгиленген.

Тараптар протокол күчүнө кире турган мамлекет ичиндеги жасалуучу процедураларын өткөрүп жатат.

Мындан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын коргонуу ведомстволору өзүнчө эл аралык келишимге кол коюу үчүн даярдык көрүүдө. Ал документ КР менен РФтин коопсуздук тармагын өнүктүрүү боюнча абадагы кол салуудан коргонуу туурасындагы биргелешкен системаны түзүүнү шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0