Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү бүтөрүнө үч күн калды

© Sputnik / Табылды КадырбековВыдача новых техпаспортов и прав в Кыргызстане
Выдача новых техпаспортов и прав в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамкаттоо кызматынан билдиришкендей, убактылуу күбөлүктөрдү 49 миң 319 айдоочу алган. Алардын ичинен 30 миң 676 киши документти алмаштырган. Азыр айдоочулардын колунда 18 миң 643 күбөлүк бар.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуу мөөнөтү аягына чыгарына үч күн калды. Андан кийин айдоочуларга айып салына баштайт.

Эске салсак, быйыл июль айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин эски үлгүдөгү бланктар жок калды деп түшүндүрүшкөн. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Башында убактылуу айдоочулук күбөлүк 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп саналып, бирок элдин өтүнүчү менен 15-февралга чейин узартылган болчу.

Автоунааны техникалык кароодон өткөрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт милдеттүү техникалык кароону кайтарып келүү ниетинде
Мамкаттоо кызматынан билдиришкендей, убактылуу күбөлүктөрдү 49 миң 319 айдоочу алган. Алардын ичинен 30 миң 676 киши документти алмаштырган. Азыр айдоочулардын колунда 18 миң 643 күбөлүк бар.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, 15-февралдан тарта документти алмашпагандар КРдин Жазык кодексинин 122-беренесине ылайык, "транспорт каражатын документсиз айдап жүргөн" деп айыпталат.

Айып пулдун өлчөмү 1000 сом, мындан тышкары автоунаа айып короого киргизилет. Аны кайтарып алуу үчүн айдоочу жаңы айдоочулук күбөлүгүн жана башка документтерди көрсөтүшү керек.

Убактылуу айдоочулук күбөлүктү жаңысына "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнөн алмаштырса болот.

Дареги: Чокан Валиханов, 2 ("Аю Гранд" гипермаркети тарап) дарегине таштаса болот. Ал эми дайын болгон документти №4 калкты тейлөө борборунан (Ауэзов көчөсү, 1/5 "Два прораба" гипермаркети) алуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0