Көчөдө чуркап бараткан бала. Архивдик сүрөт

"Апама барбайм!". Атасынын кайда экенин билбей түндөп издеп чыккан бала

12941
(жаңыланган 11:52 13.02.2020)
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул жолу ата-энеси эки ажырым жолго түшкөн 12 жаштагы баланын түн ортосунда калаада көчөдө жалгыз калып калган окуясы тууралуу сөз болот.

... Жекшемби болчу. Кеңсеге келип, эми гана жумушумду баштайын деп жатсам досум чалып: "Кайдасың? Сага баратам, жалгыз эмесмин, "коногум" да бар", - деп калды.

Адатта жекшемби күнү таң атпай мени издегенине караганда тынччылык эмес экенин аңдадым. Себеби сөз болуп жаткан досум укук коргоо органдарында иштечү.

Өзү менен кошо 10-12 жаштар чамасындагы окуучу баланы ээрчите келди.

Көрсө, досум ишемби күнү кечинде түнкү саат 12лер чамасында үйүнө келген коногун узатып сыртка чыкканда, аялдамада жалгыз олтурган баланы байкап калыптыр.

Эмне үчүн түнкүсүн жалгыз олтурганын сураса окуучу бала чочуркап сүйлөбөй коет. Алдап-соолап акыры кепке тартат. Көрсө, бала кайда барарын билбей аялдамада түнөмөй болгон экен.

Досум аны өзү жашаган батирине алып келип, курсагын тойгузуп, эмне себептен түн бир оокумда көчөдө калганынын жөн-жайын сурап билет.

Баланын айтымында, ата-энеси мындан бир канча жыл мурда ажырашып кеткен экен. Апасы менен таенесинин үйүндө жашап калышат.

Жаш экенине карабай апасы менен таенеси аны оор жумуштарга жумшап, ишемби күнү таенеси катуураак тилдеп койсо бала ызаланып, китеп салган баштыгын көтөрүп атасын издөө үчүн үйүнөн чыгып кетиптир.

Алгач атасын кайдан кантип табарын билбей, өзү окуп, жашаган Ош шаарындагы мектеп-интернатка барат. Бирок ишемби күнү интернатта окуу жок болгондуктан күзөтчү аны имаратка киргизбейт. Же жанында телефону жок, же атасынын кайда жашарын билбеген бала ишемби күндү кечке аялдамада ачка өткөргөн экен.

Ошол түнү досумдун үйүндө түнөйт. Эртеси жекшемби күнү эрте менен досум өзүнүн кесиптешин чакырып, баланы таенеси жашаган үйгө алып барууну чечет.

Дарегин таап, баланы алып барышса төрөгөн апасы чыгып, «баланын кереги жок, кайдан тапсаңар ошол жакка алып барып таштагыла» деп, досумдун кесиптеши экөө чырдаша кетет.

Өз канынан жаралган баласына күйбөгөн эненин бул кылыгына таң калган эки жигит баланын атасынын туугандарын издеп, бирок бала көрсөткөн дарек туура эмес болуп чыгат.

Ошентип эки жигит баланы кайда алып барарын билбей баштары катат.

Кантсе да журналист эмеспи, баланын өз атасын табууга жардам берер деген үмүт менен досум мага чалып, кеңсеге келгендегиси экен. Баса, жолдон келе жатып "журналист досум бар эле, ошол жардам берет" деп сүйлөшүшсө, бала "мени телеге, интернетке чыгарбай эле койгулачы" деп аябай сураныптыр.

Болгон окуяны мага түшүндүргөн соң баладан атасы тууралуу сурап баштадым. Же телефонун, же кайда жашай турганын билбейт.

Кесибиме байланыштуу маалыматты ыкчам тактоо жолдорун же бир адамдын телефон номерин, жашаган дарегин, ал тууралуу маалыматты таап, тактоону далай ирет өздөштүргөндүгүмдүн бул ирет пайдасы тийди.

Он минута өтүп-өтпөй баланын чоң атасы жашаган айылды тактай алдым. Ал айылдын айыл башчысын, мектеп директорунун телефон номерлерин издеп, алардан баланын атасынын бир тууган эжесинин номерин алдым.

Ал эже менен байланышып, атасынын номерин алып, окуя тууралуу айттым. Ал Ош шаарында эмес, Ош облусундагы райондордун биринде жашайт экен.

Бир аз күтө турушубузду суранып, уулун алып кетерин билдирди.

Бейтааныш бирөөлөр телефон чалып, уулу тууралуу айтканда ал тасмалардагы акча талап кылган кылмышкерлерди элестетип алган окшойт. Уулун алып кетүүгө жалгыз келбей, калаадагы милиция бөлүмүнүн тергөөчүсүн кошо ээрчите келиптир.

Анысы досум экөөбүздү кимсиңер деп опурулуп, суракка ала баштады. Тергөөчүнүн бизге кылган мамилесине бир чети күлкүм келсе, бир чети ачууландым. Досум өзү да укук коргоо органдарында иштегендиктен тергөөчү менен ары басып сүйлөшүп келгенден кийин ал жумшарып, өзүнө келип калыптыр.

Баланын атасы жоопкерчиликтүү эле жигит көрүндү. Биринчи жубайы менен пикир келишпей эки ажырым жолго түшкөндүгүн, башка аялга үйлөнүп, балдары бар экендигин айтты. Бала атасын көргөндө кубанычы койнуна батпай, «апама барбайм» деп ыйламсырай баштады.

Атасы досум экөөбүзгө ыраазычылыгын билдирип, баласын колунан жетелей унаасын көздөй жөнөштү. Биз алардын артынан узата карап, бир чети аяп, бир чети ата-баланы табыштырганыбызга төбөбүз көккө жетти.

Досума аябай ыраазы болуп, ага болгон сый-урматым ого бетер ашып-ташып жатты. Эркек эмес, аял кишилер өз баласын батырбай үйүнөн кууп жатканда чоочун баланы өз баласындай сүйүп, ал үчүн кам көрүп, кабатырланып, жемшемби күнгө карабай баланын туугандарын издеп, күйүп-бышканы мени аябай кубантты. Себеби ал өзү да ата. Сүйкүмдүү кыздын сүйүктүү атасы. Ушул жигиттей болгон досум бар экенине сыймыктанып бүтпөй келем.

Ошол окуядан бери эки жыл өттү. Бирок эстеген сайын жүрөгүм жылып, жашоодо жакшы, боорукер, мээримдүү адамдар бар экенине тымызын сүйүнүп коем.

Жарыгыбызды чача жүрөлү!..

12941
Белгилер:
ажырашуу, журналист, милиция, ата-эне, ак жарык
Тема:
Ак жарык (26)
Тема боюнча
Ак жарык. Канададан баштыкка буюртма берип, өмүр узарткан мекендештер
"Ата, сиз өлбөңүз!". 30 баланы канатына калкалаган үй-бүлөнүн ак жарыгы
Оштогу Кайгуул милициясы. Архивдик сүрөт

ИИМ Бишкек менен Ошто Кайгуул милициясына талапкерлерди тандоодо

6
(жаңыланган 09:04 13.08.2020)
Сынактан өткөндөр Бишкекте ИИМдин академиясынын базасында, ал эми Ош шаарында ИИМдин республикалык окуу борборунун базасында үч айлык курстан окушат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында түзүлүп жаткан Милициянын кайгуул кызматына (МКК) талапкерлерди кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган долбоордун стратегиясы жана пландары мамлекет башчынын сунушу менен жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүгүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан аныкталган.

Туристтик сезон маалындагы ИИМдин милдеттери жана байланыш телефондору

Долбоордун максаты — милиция кызматкерлерине жарандардын ишеним көрсөтүүсүн камсыздоо жана ЖКККББ менен МККнын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу болуп саналат.

"2020-жылдын 10-августунда Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кабыл алуу боюнча сынактын 5-туру (тестирлөө) жыйынтыкталды. Анда 223 талапкер өтүп, 22 адам өтпөй калган. Ал эми 24-25-августта норматив тапшырып, андан өткөндөр 27-28-август күндөрү маектешүүгө барышат. Ош шаарынын Кайгуул милициясына 497 талапкер арыз таштаган. Анын ичинен 264ү жөнөкөй жарандар. Алар 13-августта тестирлөөдөн өтүшөт. 18-19-август күндөрү норматив тапшырып, андан өткөндөрдү комиссиянын маектешүүсү күтөт", — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, сынактарды өткөрүүнүн шарттары бардык катышуучуларга бирдей.

Бишкек шаары боюнча сынактан ийгиликтүү өткөндөр ИИМдин академиясынын базасында, ал эми Ош шаары боюнча ИИМдин республикалык окуу борборунун базасында үч айлык курстан окушат.

Окуунун жыйынтыгында Бишкек жана Ош шаарларынын Жол кайгуул кызматы башкармалыгында кызмат өтөө үчүн келишим түзүлөт.

6
Белгилер:
иш, тандоо, окуу, талапкер, милиция, ИИМ
Тема боюнча
Кайгуул милициянын унаасы айланма жолдо кырсыкка кабылды. Видео
Бишкектин Кайгуул милициясына 20 жаңы унаа берилди. Сүрөт
Ош шаарында Кайгуул милиция кызматына кабыл алуу башталды. Талаптар
Башын кармаган аял. Архивдик сүрөт

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

23
(жаңыланган 08:47 13.08.2020)
Вирус борбордук нерв системасына доо кетиргенде адам жыт менен даамды билбей калары айтылат. Кээде оорунун мээге таасиринен улам адам инсультка кабылат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жаңы коронавирус дем алуу жолдорун гана эмес, мээ менен борбордук нерв системасын да жабыркатат. Бул тууралуу педиатрлар союзунун президенти Лейла Намазова-Баранова айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Жадагалса COVID менен жеңил түрдө ооруган кишинин да мээсинин түзүлүшүндө өзгөрүү болот. Буга адамдын жыт менен даамдын сезбей калышы айкын мисал. Демек, борбордук нерв системасына доо кеткен болот", — деген дарыгер.

Дарыгердин айтымында, мындай өзгөрүүгө вирус кандайча шыкакчы болорун так айтуу кыйын. Ошондой эле адамдын каны өтө коюуланып, кычкылтек жетпей калган маалда мээге катуу күч келип, ишемиялык же геморрагиялык инсульт болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Коронавирустун мурда кездешпеген жаңы белгиси табылды. Чикагодогу окуя

Макалада айтылгандай, буга чейин неврология жаатындагы АКШлык окумуштуулар анализ жүргүзүшкөн. Натыйжада катышуучулардын жарымында неврологиялык симптомдор болгон. Тагыраагы, башы ооруп, айланып, эске тутуусу начарлап, оюн топтой албай, калтырак басып, жыт-даам сезбей калышкан.

23
Белгилер:
оору, симптом, жыт, нерв, мээ, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID кандай учурда адамдын жанын алары аныкталды