Ош шаары. Архивдик сүрөт

Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү

161
(жаңыланган 15:30 13.02.2020)
Ушул жылдын 12-апрелинде Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңешине депутаттар шайланат.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Соңку бир айдын ичинде шаардык кеңешке шайлоо өтө турган калааларга каттоого тургандардын саны тездик менен өсүп жатат. Бул туурасында парламентте Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов билдирди.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык жана кетирилген мүчүлүштүктөр боюнча маалымат алууда.

"Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 11-февралына чейин Ошко 33 805, Токмокко 6950, Караколго 2798, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272 адам жаңыдан каттоого турган", — деди Батырканов.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарында октябрь айында 139 595, декабрда 139 928, январдын башында 140 503 шайлоочу каттоого алынганын билдирди.

Токмок шаарында болсо октябрда 34 070, декбарда 34 255, январдын башында 24 496 шайлоочу катталган.

Депутат Абдувахап Нурбаев бир эле үйгө 400 адамды каттоого койгон фактылар бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 12-апрелинде Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңешине депутаттар шайланат.

161
Белгилер:
жергиликтүү кеңеш, шаар, каттоо, Шайлоо
Тема боюнча
Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо күнү белгиленди
Жогорку Кеңештин 21 депутаты шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүүнү сунуштады