Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратынын алдынан өтүп бараткан студенттер. Архивдик сүрөт

Мамлекет карамагындагы ЖОЖдордон кандай пайда көрөт? КУУнун киреше булактары

1119
(жаңыланган 16:19 13.02.2020)
Бул маекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин абалы жана жыл сайын өлкө бюджетине канча акча төгөрү тууралуу сөз болду.

Кыргызстанда жалпы 68 жогорку окуу жайы бар. Алардын 33ү мамлекеттик болуп эсептелинсе, 35и — жеке менчик.

Мына ошол мамлекеттин карамагындагы университеттерден өлкөнүн бюджетине жыл сайын канча каражат бөлүнүп турарын жана мамлекет тарабынан жогорку окуу жайларга канча акча караларын билүү максатында бир катар окуу жайларга баш багууну эп көрдүк.

Алгач эле жогорку билим берүүнүн көч башы болгон окуу жайлардын бири Кыргыз улуттук университетине кайрылып, КУУнун административдик жана чарба иштери боюнча проректору Туратбек Суранаев менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек даярдады. 

Проректор по административно-хозяйственной работе, доктор экономических наук Туратбек Суранаев
© Фото / пресс-служба КНУ
КУУнун административдик жана чарба иштери боюнча проректору Туратбек Суранаев

— КУУда жалпы студенттердин канчасы бюджеттик, канчасы келишимдик негизде билим алат?

—  2020-жылдын 1-январына карата Кыргыз улуттук университетинде жалпы 17 676 студент окуп жатканы белгилүү. Анын ичинен бюджеттик негизде 1 346, ал эми келишимдик негизде 16 330 студент билим алат. Жылына 6 миңдей бүтүрүүчү окуу жайды аяктап, алардын ордуна ошончо абитуриент кабыл алынат. Анын ичинде кыскарып кеткендери да болот.

— Контракттан жылына университетке канча каражат түшөт?

— Университетте эң жогорку келишимдик баа Кыргыз-Европа факультетинде (КЕФ), ага студент жылына 46 миң сом төлөйт. Бул факультетте экономикага байланышкан адистер даярдалат. Эң арзан контракттык төлөм — жылына 31 000 сом. Мындай каражат менен физика, химия, кыргыз филологиясы факультеттеринин студенттери окушат. Ал эми жылына университетке студенттерден 485 миллион сом түшүп турат.

— Каражат кандайча бөлүштүрүлөт?

— Биздин нормативдик документ боюнча контракттын 80 пайызын окуу жайдын мугалимдерине айлык катары төлөйбүз. Калган 20 пайызы социалдык фондго, коммуналдык төлөмдөргө, иш сапарга чыгууга, эмеректерди алууга жана оңдоп-түзөө иштерине чыгымдалат.

— КУУ өлкөнүн казынасы үчүн  жылына канча каражат төгөт?

— Мамлекетке улуттук университет киреше булагы жана социалдык фонд боюнча салык төлөйт. Конракттын акчасынан айына 24 миллион сомду мугалимдерге айлык катары төлөйбүз. Анткени мамлекеттен университетке бюджеттик орундар үчүн жылына 40 миллион сом бөлүнөт. Анын 60-70 пайызы мугалимдердин айлыгына кетет. Мисалы, улук окутуучу үчүн мамлекет 6 миң сом айлык караса, университет ага саатына, илимий даражасына жараша акча кошуп берет. Калган 12 миллион сом казынага салык катары кетет. Ошондо эсептей келгенде бир жылда 144 миллион сом мамлекеттин бюджетине төгөбүз.

Контракттан тышкары төрт жатаканадан жылына 12 миллион сом, университеттин Ысык-Көлдөгү пансионатынан 6 миллион сом жана сегиз диссертациялык кеңештен да каражат түшүп турат. Окуудан тышкары, ушуга окшогон дагы киреше булактары бар.

Свет, суу, коммуналдык төлөмдөргө ж.б. тейлөөлөр боюнча өлкөнүн казынасына университет тарабынан жылына 564 миллион сом түшөт. 

— Окуу төлөмү жылына канча пайызга өсүүдө?

— Бул базар экономикасына, инфляцияга  жараша болот. Кээ бир факультеттер окутуу баасын 5-10 пайызга жогорулатып жатышат. Айрым факультеттерде контракт жогоруласа, кээ биринде түшүп калат. Мисалга, физика, метеорология факультетине контракт эмес, бюджеттик орундарды толуктай албай жатабыз. Мындай факультеттердин контракт акчасы жогору болсо, окууга балдар деле барбайт. Мындан 3-4 жыл мурун контракт менен окуган студенттердин саны 28 миң болчу. Быйыл 16330 эле студент бар.

— Бюджеттик орундар кескин кыскарууда. Акыркы беш жылды алганда канча пайызга азайды?

— Статистика боюнча, бюджеттик орундар 30 пайызга кыскарган. 2015-жылы бюджетте 2 100 студент окуса, 2020-жылга карата 1 346 студент билим алууда.

— Келечекте бюджеттик орундар такыр эле жоюлуп кетпейби?

— Андай план жок. Анткени мамлекеттик программа бар, ага ылайык, мамлекетке керектүү адистерди даярдашыбыз керек. Бюджеттик орундар көбүнчө мугалим адистигине берилет. Бюджеттик негизде ЖОЖду аяктаган адис жогорку билимин аныктоочу кагазы менен кайсы аймакта мугалим жетишпесе, ошол жакка эки жыл мамлекетке иштеп берүүгө милдеттүү. Андан кийин гана эмгек китепчеси каралып, диплому колуна берилет. Жогорудагы программа менен болгону эки-үч гана мамлекеттик жогорку билим берүүчү окуу жайлар иш алып барып жатат.

1119
Белгилер:
проректор, келишим, контракт, киреше, акча, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Тема боюнча
Кытайдан дагы 40 кыргыз студенти алып келинди. Сүрөт
Министр Фальков Россияда канча кыргызстандык билим алып жатканын айтты