Өкмөт: Кыргызстанда орган алмаштырууга шарт түзүү үчүн аракеттер көрүлүүдө

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация на позвоночнике
Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте хирургия жана трансплантологиянын кыйынчылыктары менен катачылыктары жөнүндөгү III эл аралык конференция өттү.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Өкмөт жарандар өлкөдөн сыртка чыкпай эле Кыргызстандын аймагында орган алмаштыруусу үчүн шарт түзүүгө аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы Өмүрбекова Бишкекте өткөн хирургия жана трансплантологиянын кыйынчылыктары менен катачылыктары жөнүндөгү III эл аралык конференцияга катышканын кабарлады.

Вице-премьердин айтымында, бир аянтка хирургия, онкология жана трансплантология боюнча адистердин чогулушу сөзсүз түрдө тажрыйба менен илимий байланыштарды арттырат.

"Илимий мектептерди кайрадан түзүп, өнүктүрүү керек. Медицина жаатында билим алган студенттер олуттуу илимий изилдөөлөргө катышып турушу зарыл. Белгилей кетсек, органын алмаштырууга мажбур болгон бейтаптардын саны жыл сайын өсүп жатат. Өкмөт бул кызматтар өлкө ичинде аткарылышына шарт түзүү үчүн тийиштүү аракеттерди көрүүдө", — деди вице-премьер.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү бийликке бейтапканаларды каржылоого укук берүү мыйзамы сунушталды
Өмүрбекова медицина кызматкерлери илимий -практикалык тажрыйбалары менен алмашып туруу үчүн конференциянын алкагында туруктуу аянтча түзүлөрүнө ишеним артарын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын онколог жана радиологдорунун ассоциациясы менен Россиянын онкологдор ассоциациясынын ортосунда атайын келишимге кол коюлат.

Вице-премьер-министр россиялык делегацияга конференцияга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0