Өкмөт: адистер мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үйлөрдү кыдырууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь и быт жителей Нарынской области
Жизнь и быт жителей Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги балдарга зомбулук көрсөтүү учурларын өзгөчө көзөмөлгө алып, ар бир факт боюнча тыкыр тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартат.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Балдарга карата катаал мамилени жана зордук-зомбулукту алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Райондук штабдардын мүчөлөрү айрыкча мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүүдө. Ошондой эле балдарга карата катаал мамиле кылууга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери аткарылууда.

Начальник управления по поддержке семьи и детей и государственных выплат Минсоцразвития Самаган Асанов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Асанов: зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча башкармалык түзүлөт
Райондук акимдер зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдарга карата планын жүзөгө ашырууда жеке жоопкерчиликти алат.

Буга чейин Ички иштер министрлигине балдарга зомбулук көрсөтүү учурларын өзгөчө көзөмөлгө алып, ар бир факт боюнча тыкыр тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилген.

Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо-шарты оор балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген.

Маалымат базасы жашоо-шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0