Бишкекте 37 жаштагы аял үч эм төрөдү. Сүрөт

© AFP / Frank Rumpenhorst / dpaЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайлардын үчөө тең кыз. Буга чейин өкмөт үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берилерин жар салган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРБишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм төрөлдү
Бишкекте 37 жаштагы аял үч эм төрөдү. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм төрөлдү

Маалыматка караганда, 37 жаштагы Ш.Э. аттуу аял 13-февраль күнү операция жолу менен көз жарган.

"Ымыркайлардын үчөө тең кыз", — дешти министрликтен.

Эске салсак, буга чейин өкмөт үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берилерин жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0