Бишкек мэриясы маршруткаларга аялдамалардын 80%ына токтоого тыюу салат

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия сильного снегопада в Бишкеке
Последствия сильного снегопада в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдамалар автобустар үчүн өзүнчө, маршруткалар үчүн өзүнчө болуп бөлүнөт. Аларды түсүнө карап айырмалоого болот.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Эл ташыган маршруткаларга аялдамалардын 20 пайызына гана токтоого уруксат берүү пландалып жатат. Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров шаардык муниципалитеттин коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, жолдун кесилишиндеги аялдамаларды жылдыруу пландалып жатат.

"Март-апрель айларында аялдамалардын 20 пайызына маршруткалар, ал эми калган 80 пайызына автобустар токтоп башташы мүмкүн. Автобустар үчүн аялдамалар жашыл түскө, бустар токтой турган аялдамалар сары түскө боелот", — деди вице-мэр.

Ал мындай жол менен тыгынды азайтууга болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0