Милдетти абийирдүү аткардыңар. Жээнбеков афган согушунун ардагерлерин куттуктады

Жазылуу
Бүгүн совет аскерлери Афганистандан чыгарылып, өз мекенине кайтканына 31 жыл толду. Афган согушуна жети миңден ашык кыргызстандык жоокер катышкан.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылыш күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоп, жоокерлер катаал шарттарда өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарганын айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн совет аскерлери Афганистандан чыгарылып, өз мекенине кайтканына 31 жыл толду. Афган согушуна жети миңден ашык кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын ичинен 233 адам курман болуп, 1500 киши ар кандай жаракат алышкан.

Жээнбеков кайрылуусунда жоокерлер катаал шарттарда милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышканын баса белгилеген.

"Афган согушунун урматтуу ардагерлери, өлкөбүздүн турмушуна активдүү катышып жатасыздар. Сиздер күжүрмөн боордоштуктун салтын сактап калдыңыздар. Азыркы күндө коопсуздук күчтөрдүн авангардынын бир бөлүгү катары, турмуш кыйынчылыктарын жеңип, жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып келесиздер. Атуулдук позицияңыздар, жигердүү ишмердигиңиздер өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн керек",— деп айтылган мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Ал ардагерлердин жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүүсүнө, аскердик салттарды жеткирүүсүнө, Кыргызстандын коопсуздугун бекемдөөгө мындан ары да жигердүү катыша берерине ишеним арткан.

Президент бардык афган согушунун ардагерлерине ден соолук, бактылуу жашоо жана ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0