Кыргызстанга Ухандан келген студенттер карантинден үйүнө чыгарылды

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРМындан 14 күн мурда Кытайдан алып келинген 18 студенттин карантиндик мөөнөтү аяктап, бүгүн үйүнө чыгарылды
Мындан 14 күн мурда Кытайдан алып келинген 18 студенттин карантиндик мөөнөтү аяктап, бүгүн үйүнө чыгарылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-февралда Кытайдын Ухань шаарында окуган кыргызстандык 18 студент КРге алып келинген. Алар аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң Бишкектин чет жакасындагы оорукананын атайын каралган бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Мындан 14 күн мурда Кытайдан алып келинген 18 студенттин карантиндик мөөнөтү аяктап, бүгүн үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРПрибывших из Китая 18 студентов отпустили домой после двухнедельного карантина
Мындан 14 күн мурда Кытайдан алып келинген 18 студенттин карантиндик мөөнөтү аяктап, бүгүн үйүнө чыгарылды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Мындан 14 күн мурда Кытайдан алып келинген 18 студенттин карантиндик мөөнөтү аяктап, бүгүн үйүнө чыгарылды
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРПрибывших из Китая 18 студентов отпустили домой после двухнедельного карантина
Бардык студенттер 2-февраль күнү аэропорттогу кароодон өткөндөн кийин Бишкектин четиндеги карантин аймагына жеткирилген - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бардык студенттер 2-февраль күнү аэропорттогу кароодон өткөндөн кийин Бишкектин четиндеги карантин аймагына жеткирилген
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРПрибывших из Китая 18 студентов отпустили домой после двухнедельного карантина
Бардыгы тишелүү анализдерди тапшырып, анализдери жакшы чыкты - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бардыгы тишелүү анализдерди тапшырып, анализдери жакшы чыкты
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРПрибывших из Китая 18 студентов отпустили домой после двухнедельного карантина
Карантин учурунда алар менен бир гана медициналык кызматкерлер байланышта болгон. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Карантин учурунда алар менен бир гана медициналык кызматкерлер байланышта болгон.
1/4
Мындан 14 күн мурда Кытайдан алып келинген 18 студенттин карантиндик мөөнөтү аяктап, бүгүн үйүнө чыгарылды
2/4
Бардык студенттер 2-февраль күнү аэропорттогу кароодон өткөндөн кийин Бишкектин четиндеги карантин аймагына жеткирилген
3/4
Бардыгы тишелүү анализдерди тапшырып, анализдери жакшы чыкты
4/4
Карантин учурунда алар менен бир гана медициналык кызматкерлер байланышта болгон.
"Бардык студенттер 2-февраль күнү аэропорттогу кароодон өткөндөн кийин Бишкектин четиндеги карантин аймагына жеткирилген. Бардыгы тиешелүү анализдерди тапшырып, таза чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Карантин учурунда алар менен бир гана медициналык кызматкерлер байланышта болгон.

Медицинские работники работают в изолированном отделении куда поступают пациенты с подозрением на коронавирус, город Ухань, Китай. 8 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Кытайда бир түндө 14 миң кишиге коронавирус жукту. Бийлик себебин түшүндүрдү
Эске салсак, 2-февраль күнү Кытайдын Ухань шаарында окуган кыргызстандык 18 студент атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу Бишкекке алып келинген. Алар аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң Бишкектин чет жакасындагы оорукананын атайын каралган бөлүмүнө жаткырылып, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүн алынган. 

Буга чейин Кытайдын Саламаттыкты сактоо маселелерин караган мамлекеттик комитетинин эксперттик комиссиясы жүргүзгөн изилдөөнүн көчүрмөсү интернетке тарап кеткен. Анда коронавирустун инкубациялык мөөнөтү мурда айтылгандай 14 эмес, 24 күнгө созулушу мүмкүн экени айтылган. Бирок бул боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму расмий үн ката элек.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0