Кары аял. Архив

Бишкек: сот мугалимди сабактан күч менен сүйрөп чыккан аял боюнча чечим чыгарды

351
(жаңыланган 00:51 16.02.2020)
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуучунун энеси сабакка кирип келип, мугалимди колдон алып класстан чыгарып, директордун кабинетине алып барган.

БИШКЕК, 15-фев.— Sputnik. Сот Бишкектеги мектептердин биринде мугалимди сабактан күч менен чыгарган аялдын кылыгы боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, ал аял Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси ("Майда бейбаштык" ) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ага 30 миң сом айып пул тагылган. Каражат мамлекеттин кирешесине түшөт.

Окуя борбор калаадагы № 95 мектеп-гимназияда болгон. Педагогдун айтымында, окуучу кабинеттен бир нерсе алып чыгып кетейин дегенде мугалим аны алагды кылып жаткандыгын айтып, сабактын аягына чейин күтүп турууну суранган. Андан кийин кыздын энеси келип чыр чыгарган. Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, аял класска сабак жүрүп жаткан учурда кирип келип, окуучулардын көзүнчө оозго алгыс сөздөрдү айткан. Андан кийин мугалимди колунан алып класстан чыгарып, мектеп жетекчилигине алып барган. Окуядан улам педагог милицияга арыз менен кайрылган.

351
Белгилер:
окуучу, аял, ата-эне, мугалим, мектеп, Бишкек
Тема боюнча
Окуучунун энеси мугалимди күч менен класстан алып чыккан окуя. Иш сотко өттү