Салык кызматы бир нече ротация кылып, жетекчилер орун алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматынан билдиришкендей, ротациянын негизги максаты — башкаруу ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана салык органдарынын ишинин натыйжасын арттыруу.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматында жетекчи Кабыл Абдалиевдин чечими менен кадрдык ротация жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат катчылыгы кабарлады.

Аталган кызматтын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрмекбай Чоюнов ишинен бошотулуп, Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп дайындалды.

Алкоголдук ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мындан ары спирт ичимдиктерин сатууга Салык кызматы лицензия берет
Бош калган орунга жетекчи тандоо үчүн сынак жарыяланганга чейин ушул эле башкармалыктын бөлүм жетекчиси Рахманберди Аданов башкарып турмай болду.

Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын мурдагы жетекчиси Каныбек Ормонов Бишкек шаарындагы Октябрь райондук бөлүмүнүн башчылыгына которулду.

Ал райондун башкармалыгынын жетекчиси Салык кызматынын борбордук аппаратына бөлүм башчы болуп дайындалды.

Салык кызматынан билдиришкендей, ротациянын негизги максаты — башкаруу ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана салык органдарынын ишинин натыйжасын арттыруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0