Шашылыш билдирүү! Ашуулар менен тоолуу жолдордо көчкү жүрөт

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын бир катар аймактарында көчкү түшүү коркунучу байкалгандыктан, министрлик айдоочуларды сак болууга чакырды.  Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 16-17-февралдарда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондору менен ашууларында көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл тарапта күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Билдирмеге караганда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында , Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Ушундай эле кооптуулук Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдагы аймактарында да бар.  Жолдор  тоңуп, тайгалак болот. ӨКМ жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0