КРде коронавирус чыккан учур катталган жок. Четтен келгендер текшерилүүдө

© Фото / пресс-служба ГПС КРКытайдан алып келинген жарандары коронавируска текшерүү
Кытайдан алып келинген жарандары коронавируска текшерүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкөнүн чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендер лабораториялык текшерүүдөн өтүүдө.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 15-февралга карата коронавирус чыккан учурдун жок экени өкмөттө өткөн жыйында айтылды. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат кызматы кабарлады.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн  республикалык штабдын кезектеги жыйынында  тийиштүү министрлик, мекемелер жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Билдирмеге ылайык, 15-февралга карата өлкөдө коронавирус чыккан учур катталган эмес.

"Учурда өлкөнүн чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендер лабораториялык текшерүүдөн өтүүдө. Алардын анализдери чыккыча байкоо салуучу убактылуу жайларга жайгаштырылып жатат. Элге түшүндүрүп, кеңеш берүү иштерин жүргүзүү уланууда", — деп жазылат маалыматта.

Баса, 15 күн мурда Кытайдан алып келинген 18 студенттин карантиндик мөөнөтү аяктап, кечээ үйүнө чыгарылды.

Балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтүшү мүмкүн
Буга чейин Кытайдын Саламаттыкты сактоо маселелерин караган мамлекеттик комитетинин эксперттик комиссиясы жүргүзгөн изилдөөнүн көчүрмөсү интернетке тарап кеткен. Анда коронавирустун инкубациялык мөөнөтү мурда айтылгандай 14 эмес, 24 күнгө созулушу мүмкүн экени айтылган. Бирок бул боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий үн ката элек.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыяланган.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0