Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛогопед-дефектолог Айзада Нурланова
Логопед-дефектолог Айзада Нурланова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айзада Нурланова — логопед-дефектолог. "Биз — ата-энебиз" рубрикасында ал балдардын тили кеч же туура эмес чыгышынын себептери менен кесепеттери жөнүндө айтып берди.

Кыргызстанда дээрлик ар бир бала көп тилдүү чөйрөдө чоңоет. Ата-энеси бала менен эне тилинде же орус тилинде сүйлөшөт, ал эми мультфильмди англисче же дагы бир башка тилде көрөт. Мындай жагдай баланын тилинин калыптанышына жана өнүгүшүнө кандай таасир этет? Чындап эле бул чет тилдерди үйрөнүү жөндөмүн өрчүтөбү? Эмнеге азыркы балдардын тили кеч чыгат? Ушул жана башкалар туурасында биз логопед-дефектолог Айзада Нурланова менен маектештик. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛогопед-дефектолог — тили жана психикалык өнүгүшү кечеңдеген адамдар менен иш алып барган адис. Ал тилдин өнүгүшүндөгү мүчүлүштүктү жоет, тилдин чыгышын өбөлгөлөйт.
Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек - Sputnik Кыргызстан
Логопед-дефектолог — тили жана психикалык өнүгүшү кечеңдеген адамдар менен иш алып барган адис. Ал тилдин өнүгүшүндөгү мүчүлүштүктү жоет, тилдин чыгышын өбөлгөлөйт.

— Логопед-дефектолог эмне иш аткарат?

— Логопед-дефектолог — тили жана психикалык өнүгүшү кечеңдеген адамдар менен иш алып барган адис. Ал тилдин өнүгүшүндөгү мүчүлүштүктү жоет, тилдин чыгышын өбөлгөлөйт. Азыр тилинде мандем бар балдардын көбүндө психикалык жетилиши да кеч. Невропатологдор менен тыгыз аракетте болуп, алар менен катар иш алып барабыз. Баланы адегенде врач көрүп, дарылай баштайт, ал эми биз көнүгүүлөрдү жасатабыз.

— Баланын тили чыгышы боюнча ата-энелер көңүл бөлө турган ченемдер барбы?

Актриса, блогер и телеведущая Назира Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: уулума ата тарбиясы жетпей жатат
— Чоң атасы же таятасынын да тили кеч чыгыптыр деп уулунун тилинин өрчүшүнө көңүл бурбай жүрө берген болбойт. Айрымдар чүрпөсү бала бакчага барып, тили чыкканча күтүшөт, андай кылуу туура эмес. Балдардын тилинин өнүгүшүнүн ченем жана баскычтары бар. Маселен, 3-4 айында бала үн кошот, көмөкөйүнөн үндүү дабыштарды чыгарат. 6-7 айлыгында үндүү жана үнсүз дабыштарды кошуп ("баба", "ляля", "агу") балдырап калат. Бир жашка чыгайын деп калганда кээ бир сөздөрдү, мисалы, "бер", «апа", "ата" деген сымал сөздөрдү айтып калат. Эки жашына чейин нанды, сууну өзү сурап ичип-жегенге жарап калат. Ата-энелер бул ченемдерди билүүгө тийиш.

— Тилдин чыгышынын кечеңдешинин негизги себептери кайсылар?

— Себептери ар кыл, көп. Маселен, кош бойлуу маалда же төрөт убагындагы сезгенүүлөр да себеп. Эгер бала төрөт маалында бир аз эле жабыркап калса да бул анын тилинин чыгышына таасир этпей койбойт. Эгер инновациялык технологиялар жөнүндө кеп кылсак, мультфильмдерди жалгыз көргөнү да көйгөй жаратат. Ата-энеси менен чогуу көрүп, айрым сюжеттерине токтолуп, мультфильмдин маанисин түшүндүрүп берүү маанилүү жана пайдалуу. Ошондой эле бала унчукпай отуруп көрбөстөн, пайдалуу жана үйрөтүүчү тиркемелерди тууралап берген жакшы. Айлана-чөйрөнү таанытып, ал тууралуу айтып бериш керек. Азыркы ата-энелерди карап чочулайсың, балдары менен сейилдөөгө чыгышат, бала коляскасында, тегерекке көз чаптырат, эмне кандай аталарын билбейт. Ал эми энеси телефондон көзүн албайт. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйзада Нурланова: 3-4 айында бала үн кошот, көмөкөйүнөн үндүү дабыштарды чыгарат. 6-7 айлыгында үндүү жана үнсүз дабыштарды кошуп калат. Бир жашка чыгайын деп калганда кээ бир сөздөрдү, мисалы, "бер", «апа", "ата" деген сымал сөздөрдү айтып калышы керек. Эки жашына чейин нанды, сууну өзү сурап ичип-жегенге жарап калат.
Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек - Sputnik Кыргызстан
Айзада Нурланова: 3-4 айында бала үн кошот, көмөкөйүнөн үндүү дабыштарды чыгарат. 6-7 айлыгында үндүү жана үнсүз дабыштарды кошуп калат. Бир жашка чыгайын деп калганда кээ бир сөздөрдү, мисалы, "бер", «апа", "ата" деген сымал сөздөрдү айтып калышы керек. Эки жашына чейин нанды, сууну өзү сурап ичип-жегенге жарап калат.

— Сизге баласын көрсөтүүгө бир нече ай мурун жазылышат экен. Көбүнесе кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?

— Азыр алалия менен жабыркаган, башкача айтканда, тили таптакыр чыга элек же жетиле элек балдар көп. Дагы бир ирет кайталайын, себептери ар кандай болушу мүмкүн. Эгер баланын өнүгүшүнө бир гана көрсөткүч таасир эткен болсо, азыр баланын тили чыга элек, сөздү туура айта албайт, сөз байлыгы жарды, сүйлөмдө сөздөрдү пайдалана албайт, грамматикалык катарын туя албайт деген толтура көйгөй менен келишет.

— Бул бала менен үйдө кыргызча сүйлөшүп, бала бакчада орусча, ал эми мультфильмдерди англисче көргөндүгүнө байланыштуу эмеспи?

— Туура, баланын тилине бул өтө терс таасир этет. Биринчи кезекте бир тилдин пайдубалы түптөлүшү кажет. Бала бир тилди билип, тиешелүү көлөмдө сөз байлыгын топтоп, сүйлөм курууга жарап калганда гана экинчи жана үчүнчү тилди үйрөнүүгө өткөн оң. Ал эми бизде бала же кыргызчаны түзүк билбейт, же орусча так сүйлөй албай калып жатат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовНурланова: Мультфильмдерди жалгыз көргөнү да көйгөй жаратат. Ата-энеси менен чогуу көрүп, айрым сюжеттерине токтолуп, мультфильмдин маанисин түшүндүрүп берүү маанилүү жана пайдалуу. Ошондой эле бала унчукпай отуруп көрбөстөн, пайдалуу жана үйрөтүүчү тиркемелерди тууралап берген жакшы.
Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек - Sputnik Кыргызстан
Нурланова: Мультфильмдерди жалгыз көргөнү да көйгөй жаратат. Ата-энеси менен чогуу көрүп, айрым сюжеттерине токтолуп, мультфильмдин маанисин түшүндүрүп берүү маанилүү жана пайдалуу. Ошондой эле бала унчукпай отуруп көрбөстөн, пайдалуу жана үйрөтүүчү тиркемелерди тууралап берген жакшы.

— Көп тилдүүлүк аң-сезимин өрчүтүп, тил үйрөнүүгө жөндөмдүүлүгүн арттырат деген пикир бар го...

— Ушул багыттагы адис катары ата-энелер бала менен адегенде бир тилде баарлашуусун жактайм. Мисалы, мага алты жаштагы баланы алып келишти, тили таптакыр түшүнүксүз. Көрсө, ата-энеси бала эки жаштан ашып калган убакта англис тилдүү өлкөгө көчүшкөн экен. Дал ошол курагында баланын тили кызуу өнүгөт. Таптакыр жаңы тил чөйрөсүнө барганда бала катуу стресске кабылган окшойт, бул тилине таасир эткен. Ата-энеси бала мектепке барар кезинде бизге кайрылды.

— Баланын тилинин өнүгүшүнө же бузулушуна үй-бүлөдөгү атмосфера таасир этеби?

— Ооба, бала чочуп, коркуп же стресс болсо, кекечтенип калышы ыктымал. Андай шарттарда ата-энелерге үйдө жагымдуу абалды сактоого, коркунучтуу тасма же агрессивдүү мультфильмдерди көрсөтпөөгө кеңеш беребиз.

— Тилдеги мүчүлүштүктөргө жол бербөө жана өтүштүрүп жибербөө үчүн убагында аларды жоюу боюнча ата-энелерге кандай кеңештерди берер элеңиз?

— Балдар менен баарлашууда сөздөрдү бурмалап, тили чыга элек баладай сүйлөгөн болбойт, себеби бала ошондой кепке көнүп алып, дал ошондой сүйлөп калат. Балдар менен кыска, жеңил фразалар менен сүйлөшүү керек. Көп колдонулчу сөздөрдү кайра-кайра кайталоо зарыл. Эки сөздү улаштырып калганда ("шире бер", "шире ичем" өңдүү) үчүнчүсүн кошууга болот. Ар бир күнкү аракеттерди, маселен, бала кийинип жатканда, тамак ичкенинде, сейилге чыкканында ага сүрөттөп берген абдан маанилүү. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛогопед-дефектолог: Биринчи кезекте бир тилдин пайдубалы түптөлүшү кажет. Бала бир тилди билип, тиешелүү көлөмдө сөз байлыгын топтоп, сүйлөм курууга жарап калганда гана экинчи жана үчүнчү тилди үйрөнүүгө өткөн оң.
Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек - Sputnik Кыргызстан
Логопед-дефектолог: Биринчи кезекте бир тилдин пайдубалы түптөлүшү кажет. Бала бир тилди билип, тиешелүү көлөмдө сөз байлыгын топтоп, сүйлөм курууга жарап калганда гана экинчи жана үчүнчү тилди үйрөнүүгө өткөн оң.

— Баланын тилиндеги кандай кемтиктер өтүп кетет, ал эми кайсы учурда адиске кайрылган оң?

Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланын кыркы чыккыча үйдөн чыкпай коюу туура эмес. Дарыгер менен маек
— Эки жашар балага "жи-ши" өңдүү тыбыштарды айталбаганы кадыресе көрүнүш, негизи тыбыштарды бала бешке келип калганында туура айта баштайт. Ушул курагында бала бардык тыбыштарды айта алышы керек. Айрым ата-энелер 2-3 жашында эле бала "р" тамгасын айта албай жатат деп сарсанаа болушат. Бул эч нерсе эмес, бала физиологиялык жактан ага али даяр эмес экенин эстен чыгарбоо абзел. Ошондуктан бир аз күтүп, байкаган дурус. Эгер беш жашында да бала начар сүйлөсө, анда аракетке өтүү керек. Убагында логопедге кайрылуу баланын көйгөйүн ийгиликтүү чечип берет. Эгер баланын тили чыкпай же жакшы өрчүбөсө, мектепте да чоң көйгөйгө тушуктурат. "Сензитивдик маал" деген түшүнүк бар, башкача айтканда, баланын болушунча өрчүп-өнүгө турган кези. Ошол убакты өткөрүп жибергенде балага бир нерсе үйрөтүш татаал болуп калат. Эгер тили туура эмес чыкса, баланын тыбыштарды айтуусу, фонематикалык кабыл алуусу, кепти грамматикалык жактан туура куруусу, жазуусу, окуусу, айтор, тилине байланышкан бардык өнүгүүсүнө доо кетет. Андай балада өксүк комплекси пайда болот. Бул өз кезегинде баланын жалпы жетишкендигине жана коомго аралашуусуна таасирин тийгизбей койбойт. Ошол себептен көйгөйдү байкасаңыз, көп создуктурбаңыз.

"Биз — ата-энебиз" — ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Долбоор үй-бүлө күтүү, кош бойлуулук, төрөттү пландоо жана балдарды тарбиялоо боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууну көздөйт. Ийгилик жараткан кыргызстандыктар менен ата-энелик вазыйпа тууралуу маектешип, андан сырткары, акушер-гинеколог, педиатр, диетолог, психолог жана тийиштүү адистердин пайдалуу кеп-кеңештерин, сунуштарын жарыялап турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0