БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгү КР консулдугунун колдоосу менен Дубай шаарында өткөн SWAT challenge 2020 деп аталган эл аралык мелдешке катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта таймаш 9-февралда башталып, Бириккен Араб Эмирлигинин ички иштер министри, Министрлер кеңешинин төрага орун басары шейх Сейф бин Заед аль-Нахайяндын көзөмөлү алдында өткөнү айтылат.
Окутуулардын жүрүшүндө командалар аскердик жана тактикалык даярдыгын, ар кандай тоскоолдуктардан өтүү жөндөмүн көрсөтүштү.
"Мындан тышкары, ар кыл өлкөдөн келген катышуучулар ортосунда алака түзүлүп, тажрыйба алмашып жатышты. Ага катар көргөзмө уюштурулуп, курал-жарактын, экипировканын жана атайын каражаттардын жаңы үлгүлөрүнө күбө болушту", — деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетчү жагдай, быйыл Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн атайын даярдыктагы бөлүктөрүнүн арасында уюштурулган эл аралык таймашка биринчи жолу катышты.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын башкы балдар хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмонияга кабылып Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түштү. Маалыматты Sputnik агенттигине аталган оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Анын айтымында, Өмүрбеков ооруканага кечээ, 19-январда, таңкы саат 05.00дөр чамасында алып келинген.
"Оор акыбалда келди. Дем алуусу кыйындап жатыптыр. Дароо реанимация бөлүмүнө жаткырдык. Керектүү дары-дармектерди алууда. Абалы турукташып калды десе болот, бирок жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы Базар-Коргон шаары пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу долбоор Жогорку Кеңеште талкууланып жатат.
Шаар Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон айыл аймагынын базасында түзүлүшү мүмкүн. Бул аймакка беш айыл жана айыл макамы жок алты калктуу конуш кирет. Жалпысынан 58 842 киши жашайт.