Бишкектеги мектептер газ менен жылытылмай болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүРабота газовой котельной в Екатеринбурге
Работа газовой котельной в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл пилоттук долбоор катары калаадагы №19, №40, №41 жана №49 мектептер жылытуунун жаңы түрүнө өтөт. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялаганы жатат.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы абага бөлүнүп чыгып жаткан зыяндуу заттарды азайтуу максатында мектептерди газ менен жылытуу системасына өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйыл пилоттук долбоор катары калаадагы №19, №40, №41 жана №49 мектептер жылытуунун жаңы түрүнө өтөт. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы №41 жана №49 мектептерди газ менен иштеген отканаларды долбоорлоо үчүн тендер жарыялаганы жатат.

"Социалдык объектилерди газ менен жылытуу системасына өткөрүү экологияны жакшыртуу боюнча комплекстүү пландардын бир гана бөлүгү. Мындан тышкары, жеке секторду, коомдук транспортту газга өткөрүү жана күндүн энергиясы менен иштөөчү батареяларды пайдаланууга өтүү каралып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле шаар бийлиги веложолдорду куруп жана шаардагы негизги таштанды чогултуучу жайга көзөмөлдү күчөтмөкчү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалыматына караганда, Бишкекте жыл сайын атмосферага 240 миң тонна зыяндуу зат бөлүнүп чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0