БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулованын сөөгү Орто-Сай айылында жерге берилди.
Эскерте кетсек, Кожокулова 16-февраль күнү эртең менен каза болгон. Жакындарынын айтымында, ал көптөн бери ооруп жүргөн. Журналист көп жыл бою мамлекеттик телеканалдарда иштеп келген.
Маркумдун тажиясы Бишкектин 11-кичи районундагы үйүндө өттү.
45 жашында дүйнө салган Кожокулованын бир уул, бир кызы калды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.