Эски үй. Архив

Жаман тамда калган жесир келин. Айылдаштардын ак жарыгы

7791
(жаңыланган 10:06 18.02.2020)
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет.

Бул окуя Нарын облусунун Жумгал районунда болгон. 1994-95-жылдар болсо керек. Биздин айылда трактор айдаган кошуна байке бар эле. Үйүндө апасы, анан үйлөнбөгөн агасы менен жашачу. Атасы илгери эле каза болуп калыптыр. Ал киши тууралуу укканым эле болбосо, көргөн эмесмин. Байкеси арак ичип алса, элдин эсин оодарчу.

Адамгерчиликтүү, улуу-кичүүнүн оозуна алынган тракторист Нурлан байкени айыл эли жакшы көрчү. Мен ал кезде 9-10 жаштагы тестиер кыз элем.

Бир күнү биздин көчөдө да той болуп, Нурлан байке аркы көчөдөгү сүйлөшкөн кызын ала качып келди. Апамдар келин көрүп, биз дегдеп барып жеңенин жанына көшөгөгө отурганыбызга куштар болдук. Апакай жоолук салынган жаңы жеңе көзүбүзгө айперидей эле көрүнүп жатты.

"Той болот, тойдун эртеси да болот" дегендей, бир жылга жетпей жаш жубайлар айылдын этек жагындагы эски тамга көчүп кетишти. Алгач уулдуу болду. Ал баласы үчкө чыгып калганда дагы эркек балалуу болушкан. Ошол экинчи баласы 6 ай болгондо Нурлан байке кырсыктап, ойдо жок жерден каза болуп калды.

Ошондо келинчеги "өзүм да жетим өстүм эле, чиедей эки бала менен кимге ишенип таштадың" деп кыйкырып ыйлаганы эсимде. Байкенин өлүмү, келинчегинин ыйы айылдагыларды бир далайга шыпшынтып, эки кишинин башы кошулса эле "кап" дечү кейиштүү кебине айланып жүрдү. Акыры ар ким өз турмушуна алаксып кетти көрүнөт.

Бирок жапжаш жесир атыккан жеңебиз негедир төркүнүнө да, кайненесиникине да көчүп барган жок. Жанагы сырты алачыктай аңгыраган тамда эки баласы менен кала берди. Айылдагы аяштары каттап кабар алганы болбосо, биз жакка деле келбей калды.

Ошол жерде бир-эки кыш кыштады окшойт.

Айылыбызда ар шейшемби сайын чоң жайма базар болор эле. Азыр деле бар. Жеңебиздин эки баласын апасына калтырып, ошол базарга барып манты, пирожки, бозо сатып тамак-ашын алып, балдарынын кийим-кечегине жаратып аларын үйдөгүлөрдүн чай үстүндөгү сөзүнөн угуп жаттым.

Каза болгондон эки жыл кийин байкенин ашы да болду. Аштан соң классташтары чогулуп, "досубуздун артында бизден бөлөк жөлөгү жок. Апасы жесир, агасынын кебетеси тиги" дешип там салып берүүнү шерттешип, кийинки жылы бир жайдын ичинде үч бөлмөлүү үй көтөрүп беришкен.

Шаардагылары акчасын, айылдагылары кара жумушун жасап, аяштары алмак-салмак тамак-ашын алып келишкенин билем. Айыл эли да карап турбай, ашарга барып жатышты.

Балдары мектеп босогосун аттап калды. Жеңебиз намыскөй жан экен. Базарда тамагын сатып, элден койдун жүнүн алып, иштүүлүгү менен үйүн толтуруп жатканын келинине нааразы кайненелер узун сабак кеп кылышчу. Жесир аял көп келиндин ачуусун келтирип, кайненелердин салыштырган үлгүсү болду да калды.

Кийинчерээк мектепти аяктап, шаарга окууга келгем. Бара-бара мен да үй-жай күтүп, өз турмушумдун казанында кайнап кеттим. Бишкекке келгениме 15 жылдан ашып, ал окуя деле тагдырдын бүктөмдөрүндө кала берген.

Ушул жайда айылга барып калып, унаа менен күн батыш тарапта айылдын четиндеги жеңенин көчөсүнөн өтүп баратып үйүн карасам, тегерек-чети тосулган, бак-шактуу чоң там турат. Ошондо оюма ошол кез эсиме түштү. Ойлоп көрсөм, жеңебиз 22-23 жашында эле жесир калыптыр.

Үйгө келип амандашкан соң апаман Айгүл жеңенин акыбалын сурадым. Баары жакшы дейт. Көрсө быйыл эле улуу баласы Бишкектен окуусун бүтүп, айылга ветврач болуп келиптир. Ал эми кичүүсү шаарда тоо-кен тармагында билим алып студент экен.

Кыргызда "айдын он беши жарык, он беши караңгы" деп бекер айтпаган. Жакшылыктын шарапаты менен тиричилигин түздөгөн намыскөй жеңебиз да эртең кайнене болот. Бир кезде аяш уулдарын талаада таштабаган аяш аталар, тойдо жүзү жарык сый көрөрүнө шегим жок.

Жарыгыбызды чача жүрөлү!..

7791
Белгилер:
кырсык, келин, айыл
Тема:
Ак жарык (14)
Тема боюнча
Айылдык аксакал ордунан тура калды... Маршруткадагы жүрөк жылыткан окуя
Эми өзүмдү кор кылбайм! Балалуу келиндин багын ачкан дарыканачылар