Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Россия сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, алып баруучу жана спорттук комментатор Василий Конов
Россия сегодня эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, алып баруучу жана спорттук комментатор Василий Конов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттин Telegram каналы былтыр окумдуулугу боюнча Россиядагы белгилүү спорттук сайттардан да ашып өткөн. Адис элдин көбү маалыматты сайттан эмес, социалдык тармактардан окуп калганын белгиледи.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Спортту жазган блогер социалдык тармактарда кантип аудиторияны кеңейте аларын "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, алып баруучу жана спорттук комментатор Василий Конов айтып берди.

Ал SputnikPro долбоорунун алкагында спорттук журналисттерге, комментаторлорго жана блогерлерге мастер-класс өттү. Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болду.

Коновдун айтымында, азыр элдин көбү маалыматты сайттан эмес, социалдык тармактардан окуп калды. Бул ЖМКнын ишине терс таасирин тийгизбей койгон жок.

"Бир эле маалыматты интернеттеги бир нече баракчага жайгаштырбагыла. Себеби ар бир социалдык тармактын өзүнүн аудиториясы бар. Маселен, Twitter желесиндегилер тамашалашканды жакшы көрсө, Telegram так маалыматты, цитата менен шилтемелерди талап кылат. Ошондой эле жаңы каналга окурмандарды топтоо үчүн кросспостинг тууралуу — постторду бир эле админден ар кайсы баракчага таратууну унутпоо керек", — деген ал.

Конов анын Telegram каналы былтыр окумдуулугу боюнча Россиядагы белгилүү спорттук сайттардан да ашып өткөнүн кошумчалаган.

Василий Конов "Биринчи каналдын" спорттук дирекциясынын кабарчысы жана спорттук комментатор катары калың элге таанылган. Ал мектепти бүтүргөндөн кийин МГУнун журналистика факультетинин эл аралык бөлүмүнө тапшырган. Радиогруппада окуу менен бирге "Маяк" жана "Радио 101" радиостанцияларында эмгектенген.

Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз хоккейчилерин дүйнө чемпионатына РФ машыктыруучулары даярдап жатат
1998-жылдын январынан 2020-жылдын ноябрына чейин "ОРТ" каналынын спорттук дирекциясынын кабарчысы жана комментатору болгон. Кийин "Биринчи каналга" которулган. "Футбольное обозрение", "Время футбола" жана "На футболе" берүүлөрүн алып барган. Муну менен катар "Новости" жана "Время" деген маалыматтык программаларда иштеген.

2010-жылдан 2017-жылга чейин Р-Спорт агенттигин ("Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигине карайт) жетектеген.

2017-жылы мыкты спорттук журналист катары "Золотой микрофон" сыйлыгына ээ болгон. 2014-жылы Сочиде өткөн кышкы Олимпиада жана Паралимпиаданын, 2013-жылы Казандагы Дүйнөлүк жайкы универсиаданын өтүшүнө салым кошкону үчүн медалдар жана "Достук" ордени менен сыйланган.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0