Мамкаттоо үч шаарда шайлоочулардын саны кескин өсүп жатканын иликтейт

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к парламентским выборам в Бишкеке
Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоого карата республиканын үч шаарында каттоосун өзгөрткөн жарандардын саны өсүп жатат. Ведомство ички иликтөөсүн баштады.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы 12-апрелде шайлоо боло турган шаарларда жарандарды каттоодо мыйзам бузуулар болгон-болбогонун аныктоо үчүн кызматтык териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, катталган жерин өзгөрткөн жарандардын саны 2020-жылдын февраль айынан тарта үч шаарда көбөйө баштаган.

Президентские выборы в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Ошто шайлоочулардын саны өсүүдө. Башкы прокуратура үн катты
Ошто 2020-жылдын январынан 13-февралына чейин 35 895 адам каттоого турган, ал эми 2019-жылдын ноябрь айында бул көрсөткүч 3079 адамды гана түзгөн;

Токмок шаары боюнча январь айынан 13-февралга чейин 6745 киши каттоодон өткөн (2019-жылдын ноябрынан декабрына чейин — 715).

Каракол шаарында 2020-жылдын январь айынан 13-февралга чейин 3159 киши каттоого турган (2019-жылдын ноябрынан декабрына чейин — 345).

"Ош, Каракол жана Токмок шаарларында бир турак үйгө көп сандаган адам каттоого турганы аныкталды", — дешти Мамкаттоодон.

Үч шаардын паспорт жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери 2020-жылдын 18-февралынан тарта иликтөө аяктаганга чейин иштен четтетилишти.

Белгилей кетсек, каттоого тургандардын саны Балыкчы менен Майлы-Сууда кескин өскөнү байкалган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0