Шайлоо системасын жакшы билет. Мамкаттоонун жаңы төрагасы тууралуу 5 факты

© Фото / сайт "Инфоком"Заместитель директора "Инфоком" Акынбек Мамбеталиев
Заместитель директора Инфоком Акынбек Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 18-февралда, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп Акын Мамбеталиев дайындалды. Ведомствонун мурдагы жетекчиси Алмаз Мамбетов 10 ай иштегенден кийин белгисиз себептер менен кызматтан алынган.

Жаңы дайындалган жетекчи 34 жашта, төрт тилде эркин сүйлөйт. Ал эмгек жолунда шайлоо системасын жана башка бир нече мамлекеттик кызматтарды электрондук системага киргизүү долбоорлорун ишке ашырган.

Sputnik Кыргызстан Акын Мамбеталиев тууралуу фактыларды сунуштайт.

Үй-бүлөсү жана билими

Акын Мамбеталиев 1985-жылы Фрунзе шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Кесиби боюнча экономист. Президенттин алдындагы башкаруу академиясында финансы жана кредит факультетин аяктаган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында магистратурада окуган. Кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Менеджерликтен маалыматтык технологияга чейинки эмгек жолу

Акын Мамбеталиев 20 жашынан тарта жеке компанияларда иштеп баштаган.

  • 2005-2007 — "Ян Интернейшнл" ЖЧКда супервайзер;
  • 2007-2008 — "МБТК" ишканасында, Clienttera аутсорсинг компаниясында супервайзер;
  • 2008-2010 — "Карабай плюс" (Turkuaz International Group of Companies) компаниясында менеджер;
  • 2011-2012 — "Демир" банкта адис;
  • 2012-2013 — Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесинде бизнес-аналитик, долбоор жетекчиси.

Алар төмөнкүлөр:

Медициналык күбөлүктөрдү маалыматтык системага каттоо боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун долбоору;

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир ажалдан калган. Вице-премьер болчу Эркин Асрандиев тууралуу 7 факт
Мамлекеттик каттоо кызматынын ЗАГС маалыматтык системасын киргизүү;

Өкмөттүн аппаратында документ жүгүртүү электрондук маалыматтык системасын киргизүү;

2013-2014 — Азия өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен мамлекеттик сатып алуулар электрондук системасын (тендер өткөрүү) иштеп чыгуу жана пайдаланууга берүү долбоорунда бизнес-аналитик;

2014-жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин жалпы маселелер боюнча орун басары болуп иштеп жаткан.

Шайлоо системасын жакшы билет

Румынияда, Индияда, Кореяда өткөн тренингдерге катышып, 2015-жылы Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо киргизилген маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тууралуу айтып берген.

2019-жылы өкмөттүк делегация менен Нур-Султанга барып, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана калкты каттоо тармагы боюнча тажрыйба алмашкан.

2014-жылы Тбилиси шаарында жарандардын өздүгүн тактоо күбөлүктөрүн даярдоо жана биометрикалык документтерин персоналдаштыруу боюнча Грузиянын тажрыйбасын көрүп келген.

Мамлекеттик сатып алуулар электрондук системасы (тендер өткөрүү) Чили жана Македонияда өткөн иш-чараларга катышкан.

Ишке ашырган долбоорлору

Жарандар өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун билүүгө шарт түзгөн Shailoo.srs.kg порталын иштеп чыккан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
"Паспорт", "ЗАГС", "Даректерди каттоо", "Айдоочулук курамды тестирлөө", "Маалымдама бюросун автоматташтыруу", "Мамлекеттик персонификация борбору" жана "Онлайн аукцион" автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү долбоорунун координатору болгон. Акын Мамбеталиевдин катышуусу менен дал ушул сыяктуу 27 электрондук система жүзөгө ашырылган.

Таржымалында Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын процедуралары жана КРдин мыйзамдары боюнча эл аралык тендерлерди өткөрүүнү жакшы өздөштүргөнү айтылат.

Ошондой эле IT тармагында мыкты адис экенин белгилеген. Техника-экономикалык негиздемелерди жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, IT долбоорлору боюнча тендердик сунуштарды жана техникалык чечимдерди анализдөө жаатында тажрыйбасы бар.

Сыйлыктары

2019-жылы октябрда мамлекеттик маанилүү долбоорлорго активдүү катышып, каттоо системасын өнүктүрүүгө жана калкка кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтарды ишке киргизгени үчүн президенттин кол сааты менен сыйланган.

Мамкаттоо кызматынын 10 жылдыгына карата Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын "100 жылдык мааракелик медалы" ыйгарылган.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Шайлоо процесстерин реформалоого бараандуу салым кошкону үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

КР жарандарына электрондук биометрикалык паспорт чыгарууга зор салым кошкону үчүн өкмөт ыраазычылык билдирген.

Инновациялык технологияларды ишке киргизүүдө жасаган бараандуу эмгеги үчүн дагы өкмөт ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0