Компьютер менен иштеген кызматкер. Архив

Кыргызстанда мамлекеттик органдын аталышы өзгөртүлдү

361
(жаңыланган 12:54 19.02.2020)
Ведомствонун азыркы аталышы — ИИМдин Күзөт кызматы. Өкмөттөн билдиришкендей, мындай чечим ички иштер органдарынын өлкөдөгү маанилүү объектилерди кайтаруудагы ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн арттыруу максатында кабыл алынды.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын аталышы өзгөртүлдү. Бул боюнча өкмөттүн токтому чыкты.

Ведомствонун азыркы аталышы — ИИМдин Күзөт кызматы. Өкмөттөн билдиришкендей, мындай чечим ички иштер органдарынын өлкөдөгү маанилүү объектилерди кайтаруудагы ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн арттыруу максатында кабыл алынды.

Мындан тышкары, ведомствонун электрондук дареги өзгөртүлдү. Эми ал мурдагыдай dgusso_mvd_kr@mail.ru эмес, so_mvd_kr@mail.ru деп аталып калды.

ИИМдин бул кызматы маанилүү объектилерди жана имараттарды кайтаруу жана коопсуздукту камсыздоо милдетин аткарат. Мындан тышкары, анын кызматын келишимдик жол менен жеке тараптар дагы колдоно алат.

361
Белгилер:
аталыш, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстандагы жапырт мушташ эмнеден чыкканын ИИМ түшүндүрүп берди
Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

116
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

116
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

62
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

62
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы