Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин экономикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ирина Андреева

Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты

87
(жаңыланган 20:00 19.02.2020)
Керектүү маалыматты алуу үчүн респондентке кандай суроо бериши керек, маек алуудан мурда эмнеге даяр болуу зарыл, журналист унчукпай отуруу менен көздөгөнүнө кантип жетсе болот? Ушул сыяктуу суроолорго россиялык эксперт жооп берди.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин экономикалык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ирина Андреева журналисттик чеберчиликтин сырлары менен бөлүштү.

Ал SputnikPro эл аралык долбоорунун алкагында "Маек алуунун ыкмасы" темасында журналистика багытында окуган бишкектик студенттерге мастер-класс өттү. Иш-чара Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда болду.

Студенттер бир топ пайдалуу маалыматтарды алышты. Анын ичинен маек алуу учурунда журналисттерге керек болгон негизги беш кеңешти сунуштайбыз.

1. Чакырган коногуңуздун таржымалына сүңгүп кирип, ал тууралуу көп маалыматка эгедер болуңуз. Жакшы даярдык менен маекке барганда гана алгылыктуу жооп ала аласыз. Эгер буга чейин ачыкталган суроону кайра берсеңиз респондент "ооба" же "жок" деп ийин куушуруп коюшу мүмкүн. Маекке мурда белгилүү болбогон фактыларды жана деталдарды кошкондо гана көркүнө чыгат.

2. Кандай максатты көздөп маек алып жатканыңызды билиңиз. Журналист багытын так аныктап алса маеги ошончолук таасирдүү болот. Респондент темадан алыс кетип калган учурлар көп кездешет. Анда коркпой эле артка кайтарып, макулдашылган теманын айланасына байлап коюңуз.

3. Алган маалыматтарды колдонуңуз. Сүйлөшүү учурунда темадан сырткаркы сөздөр да айтылып калышы ыктымал. Ал адам кызыктуу жагдайларды айтып берип, бирок аны жарыялабоону суранат. Ооба, аны маекке кошуп жаза албайсыз, бирок эске алып койсоңуз кийин макала даярдоодо пайдасы тиет. Эгер "олжо" боло турган маалымат колуңузга тийсе, кол куушуруп отуруу туура эмес. Тиешелүү адистерден тактап, далилдерди таап материал даярдоо шарт. Ошону менен бирге сизге маалымат берген булакты ачыктабаңыз.

4. Ар тараптан кириңиз. Эгер спикер тиги суроого да, башкасына да жооп бербей жатса маселени башка тарабынан көтөрүп чыгыңыз. Мындайда так жооп бербесе дагы кайсы бир бөлүгүн айтып коёт, анын арты менен жиптин учун таап алышыңыз мүмкүн.

5. Укканды билиңиз. Журналист канчалык көп унчукпай отурса, респондент ошончулук көп сүйлөп берет. Спикерге сүйлөбөй отуруу ыңгайлуу эмес, ошондуктан эстеген сөздөрүн ортого таштай берет. Унчукпай отурууну үйрөнүүгө кээде жылдап убакыт кетет.

Ирина Андреева 2001-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошол эле жылы "РИА Новости" агенттигине жумушка орношкон. 19 жылдык эмгек жолунда Москвада жана Россиянын региондорунда, БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесинде иштеген.

Азыркы тапта Россиядагы жана дүйнөдөгү макроэкономикалык темаларды чагылдырып келет.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

87
Белгилер:
журналист, кеңеш, маалымат, маек, SputnikPro
Тема боюнча
Респонденттин ымандай сырын кантип ачыш керек? Тажрыйбалуу журналисттин кеңеши
Башкы прокуратура. Архив

Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаров канткенде абактан чыгарын айтты  

125
(жаңыланган 22:26 07.12.2021)
Башкы көзөмөл органы мындан аркы кадамдар парламенттин чыгарган чечимине жараша болорун белгилеп жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, парламент макулдук берген учурда аталган депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башкы прокурордун сунуштамаларын карап, добуш берүү жолу менен депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде каралат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

125
Белгилер:
Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Башкы прокуратура, чечим, абак
Тема боюнча
Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар
ПЦР-тест тапшырып жаткан адам. Архив

Россия ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн кыскартты. Кыргызстандыктарга таасир этеби? 

81
(жаңыланган 21:48 07.12.2021)
Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылды. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Поповага таянуу менен билдирди.

Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

Ошондой эле Попова Россияда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин баары "омикрон" штаммын жугузгандарды дагы аныктай аларын белгилеген.

Эскерте кетсек, учурда Россияга бара жаткан кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 72 сааттан кечиктирбей ПЦР-тест тапшырып, терс жыйынтыгын көрсөткөн сертификат менен кетишет. Демек, изилдөөнүн жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү дагы 24 саатка кыскарат.

81
Белгилер:
ПЦР-тест, Россия, кыскартуу, 'омикрон' штаммы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасы "омикрондон" канчалык коргой аларын дарыгер айтып берди
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме