23-февралда эркектерге көп берилчү белектер аныкталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМекенди коргоочулар күнүн майрамдоо. Архив
Мекенди коргоочулар күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркетологдор эң акыркы орундагы белекти аташты. Ал романтика коштолгон ресторандагы кечки тамак экен.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Маркетологдор гильдиясынан россиялыктар 23-февраль — Мекенди коргоочулар күнү эркектерге кандай белектер көп берилерин аныкташкан. Бул туурасында RT жазды.

Эксперттердин айтымына караганда, эң көп берилген белектер — көйнөк, галстук, эркектердин ич кийими жана байпак.

Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө шакирт кыздары алтын жалатылган саат белек кылышты - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Изабеков 50 жашта. Шакирттери агайына алтын жалатылган саат белек кылышты
Экинчи орунга сакал алгандагы самындар, ага колдонулган лосьон, атырлар чыккан. Ал эми үчүнчү орунда ичимдиктер экени айтылды. Андан сырткары, гаджеттер менен аксессуарлар да майрамга жакындаганда көп сатылган буюмдардын катарын толуктайт.

Бешинчи сапта спорт, хоббиге байланышкан оокаттар турат экен.

23-февралда көп тапшырылган белектердин он тепкичтен турган тизмесине атайын сертификаттар, китептер, ар кыл түрдө жасалган шоколаддар жана атайын даярдалган оокаттар кирген.

Маркетологдор эң акыркы орундагы белекти аташты. Ал романтика коштолгон ресторандагы кечки тамак экен.

Мындан сырткары, Маркетологдор гильдиясынан 23-февралдагы көпчүлүк берген белектин орточо баасы 1000-1500 сом суммасында болорун айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0