Музей кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү пландалууда

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүНациональный художественный музей Республики Беларусь
Национальный художественный музей Республики Беларусь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө жалпы 116 музей бар. Анын 28и гана Маданият министрлиги тарабынан каржыланат. Калганына акчаны муниципалдык, жергиликтүү жана башка булактар бөлөт.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Музей кызматкерлеринин эмгек акысын 1,8 коэффициентке көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому иштелип жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, каражат министрликтин 2019-жыл ичинде үнөмдөгөн акчасынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

"Өлкөдө жалпы 116 музей бар. Анын 28и гана Маданият министрлиги тарабынан каржыланат. Калган бөлүгүнө акчаны муниципалдык, жергиликтүү жана башка булактар бөлөт. Токтом жактырылып, ишке ашып калса, министрлик өз карамагындагы мекемелерге көбөйтүлгөн өлчөм менен эмгек акы төлөй баштайт", — деп жазылат маалыматта.

2020-жылга музейлерге министрлик тарабынан 91 миллион сом акча каралган.

Быйылкы жылы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейин толук ремонттон өткөрүү пландалууда. Мындан сырткары, Михаил Фрунзе атындагы мемориалдык музей жаңы форматта иш алып баруусу үчүн атайын концепция иштелип чыкканы да кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0