Кытайда киши сүзүп алган кыргызстандык айдоочу мекенине кайтты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кыргызстандык ондогон айдоочу коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу өлкөгө кайта албай турган. Алардын бири Кытайда узак убакытка калып калган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кытайда кишини сүзүп кеткендигине байланыштуу мекенине жиберилбей жаткан кыргызстандык айдоочу өлкөгө кайтты. Бул тууралуу айдоочулардын көз карандысыз профсоюзунун төрага орун басары Игорь Голубев билдирди.

Февралдын башында айдоочулардын беш күндөн бери Кытайдан чыга албай жатканы маалымдалган. Айдоочулар жүктү таштап кете берүүнү сунушташкан, бирок кытай тарап андай буйрук болгон эмес деген жүйө менен макулдугун бербей келген. Профсоюз өкүлүнүн айтымында, коронавирустан улам Кытайдагы абал курчуганына байланыштуу ал жакта кыргызстандык 54 айдоочу калып калган.

Частичный карантин круизного лайнера Diamond Princess в Йокогаме - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан карантинге алынган Diamond Princess азыр кандай абалда? Видео
Голубаев белгилегендей, кийинчерээк 54 киши (32си Топо шаарында, 22си Уулчатта болгон) мамлекеттик органдардын аракети менен Кыргызстанга кайтышкан. Ал эми Кытайда жергиликтүү тургунду сүзүп кеткен бир айдоочу калып калган. Анын айтымында, жабырлануучу мас болгондуктан катуу ылдамдык менен келе жаткан унаанын алдынан чыга калган.

Дипломаттар сүйлөшүү жүргүзүп, жабыркаган адам менен ишти сотко жеткирбөөгө макулдашышкан. Айдоочудан дооматтар алынып, айып короодогу унаасы берилген. Учурда ал "Торугарт" көзөмөл өткөрмө бекетинде карантиндик текшерүүдө экендиги айтылды.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Учурда коронавирус жуктуруп алгандардын саны Кытайда 74,1 миңге жетти, 2118 миң адам каза болсо, 16 155 миң бейтап сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0