Атамбаев: кан басымым түшүп кеткендиктен дарыгерлерге кайрылдым

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевдин абалы УКМКнын тергөө абагында начарлагандыгын уулу Кадырбек жактоочу Замир Жоошевдин сөзүнө таянып кабарлаган эле.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалын билүү үчүн ал отурган УКМКнын тергөө абагына барышты. Бул туурасында аталган институттан кабарлашты.

Маалыматта Атамбаев аларга ден соолугунан аксап жатканы боюнча айтып берген.

"Саламаттыгы туурасында ал "акыркы мезгилде кан басымым төмөндөп жаткандыктан медиктерге кайрылууга аргасыз болдум" деди", — деп жазылган маалыматта.

Судебные процессы по делу бывшего президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев жубайы жана эки уулу менен жолукту
Андан сырткары, билдирүүдө Атамбаев абактын түзүлгөн шарттарына нааразылыгы жок экендигин айткандыгы кабарланган.

Атамбаевдин абалы УКМКнын тергөө абагында начарлагандыгын уулу Кадырбек жактоочу Замир Жоошевдин сөзүнө таянып Facebook баракчасына жазган. УКМКнын маалымат кызматы Атамбаевдин акыбалы туруктуу экенин, мамлекеттик комитеттин дарыгерлери күнү-түнү анын абалын көзөмөлдөп жатканын билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0