Бишкектеги жеке медициналык борборлордун кожоюндары ким? 2-бөлүм

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүСтоматологическая поликлиника в Тамбове
Стоматологическая поликлиника в Тамбове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жеке медициналык борборлор жыл санап көбөйүп бара жатат. Көпчүлүк учурда ага жарандар убакыт үнөмдөө жана ыңгайлуулук үчүн кайрылганы байкалат.

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканаларда кезек күткөндөр, жатып дарыланууга орун таппагандар көп экенин көрүп эле жүрөбүз. Балким ушундан улам болсо керек, өлкөдө жеке медициналык борборлордун саны арбын. Мисалы, Бишкек шаарында эле 90го жакын медициналык клиника иштейт.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан Бишкектеги клиникаларды тизмектеп, биринчи бөлүгүн буга чейин сунуштаган. Бүгүн алардан башкаларынын ишмердүүлүгү жана кожоюндары тууралуу билип көрдүк.

Маалыматтар Юстиция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин сайттарынан алынды.

"Профимед" медициналык борбору

Көп тармактуу медициналык борбор.
Жетекчиси — Кубанычбекова Гулкайыр Кубанычбековна.
Негиздөөчүлөр — Тан Сяньчан, Кубанычбекова Гулкайыр Кубанычбековна.

"Мир здоровья" медициналык борбору

Көп тармактуу медициналык мекеме.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Насыров Рустам Вадимович

"Диализ борбору" медициналык борбору

Гемодиализ кызматын көрсөтөт.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Балтабаев Нурсланбек Шабидинович.

"НоваМед плюс" медициналык борбору

Көп тармактуу медициналык мекеме.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Алымкулова Элмира Мусулиновна.

"АВА-МЕД" медициналык борбору

Флебология, косметология, пластикалык хирургия, офтальмология тармактары боюнча кызмат көрсөтөт.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Даниелян Аревик Валерьевна.

"Умай-Косметик" медициналык борбору

Косметикалык кызматтарды сунуштайт.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Темирбек Бекбоев.

"АДАМЕД" медициналык борбору

Көп тармактуу медициналык мекеме.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Жакшибаева Айжана Шамгуновна.

"Авиценна" медициналык борбору

Дартты аныктоо жана дарылоо кызматтары.
Жетекчиси — Байгазаков Асылбек Топчубаевич.
Негиздөөчүсү — "АСТРУМ-БЕРЕКЕТ" ЖЧКсы.

"Диамед Центр" медициналык борбору

Гемодиализ кызматтарын көрсөтөт.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Асанов Мирлан Жусупович.

"ЮРФА" медициналык борбору

Дартты аныктоо жана дарылоо менен алектенген көп тармактуу борбор.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Кимсанов Алмаз Аманбаевич.

"Азмед" медициналык борбору

Урология, гинекология, хирургия, дерматовенерология жана стоматология тармактарында адистешкен.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Кенжаев Махамаджан Гуламович

"КАРДИОЦЕНТР" медициналык борбору

Жүрөк дарттарын аныктоо жана дарылоо менен алектенет.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Алымкулова Айнура Асизовна.

"Анкалайф" медициналык борбору

Аялдардын ден соолугуна кам көрүп, жасалма уруктандыруу кызматтарын көрсөтөт.
Жетекчиси — Касымов Алишер Жумабаевич.
Негиздөөчүсү — Чакыжы Жихангир

"Омела" медициналык борбору

Гирудотерапия (сүлүк курт менен дарылоо) менен дарылоого артыкчылык берген көп тармактуу медициналык борбор.
Жетекчиси жана негиздөөчүсү — Перчаткин Андрей Владимирович.

Triovital медициналык борбору

Стоматологиялык кызматтарды сунуштайт.
Жетекчиси жана негиздөөсүчү — Корабельникова Ирина Ивановна.

Жаңылыктар түрмөгү
0