Пекинден келген кытайлык келин жугуштуу оорулар ооруканасында. Абалы айтылды

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-февраль күнү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Тез жардам менен кытай жараны жеткирилген. Ал келин Пекинден Бишкекке январдын башында эле келген болчу.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Пекинден Кыргызстанга келген кытай жаранынан коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги ооруканалардын бирине дене табы көтөрүлгөн кытай жараны алып келингендиги тууралуу маалыматтарды жазып, дүрбөлөңгө түшкөн.

"20-февраль күнү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Тез жардам менен кытай жараны жеткирилген. Ал келин Пекинден Бишкекке январдын башында эле келген. Кытай жараны ооруканага дене табы 37,6 градус менен мурду бүтүп түшкөн. Дарыгерлер анализ алып, жыйынтыгында анын коронавирус жуктурбаганы аныкталды", — деп жазылат маалыматта.

Аял медициналык кароодон өткөндөн кийин ага Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги көз салып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0