Кыргыздар башкача бийлейт экен... Африкалык дарыгердин маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовМедбрат в международной организации "Врачи без границ" из Зимбабве Херберт Мутубуки
Медбрат в международной организации Врачи без границ из Зимбабве Херберт Мутубуки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Херберт Мутубуки Ош шаарында бир жарым жыл жашады. Ак карды жана чачы белине жеткен кыздарды алгач ирет дал Кыргызстандан көргөнүн жашырбайт. Өз мекенинде айымдар чач түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүнөн улам дээрлик узартышпайт.

Зимбабвелик Херберт Мутубуки "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунда медкызматкер болуп иштейт. Дарыга жеңилбеген кургак учук көйгөйү менен күрөшөт. Ал соңку бир жарым жыл Ошто жашады. Мутубуки Кыргызстандан алган таасирлери менен бөлүштү.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

— Зимбабведен болом, медкызматкер болуп иштейм. Үй-бүлөм, үч татынакай кызым бар. Адамдарга жардам берүүнү кыялданчумун, ошол себептен "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык гуманитардык медициналык уюмунда иштейм.

— Кыргызстанга келериңизди укканда кандай кабыл алдыңыз?

— Анда мен өлкөнүн аталышын да туура айта албайт элем, таптакыр маалыматым жок болчу! Кара терилүү экенимди өлкөнүн калкы кандай кабыл аларынан абдан чочулагам. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗимбабвелик Херберт Мутубуки "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунда медкызматкер болуп иштейт.
Кыргыздар башкача бийлейт экен... Африкалык дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Зимбабвелик Херберт Мутубуки "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунда медкызматкер болуп иштейт.

— Эмне үчүн буга анча санааркадыңыз?

— Үйдөн мынчалык узак чыга элек болчумун. Кебетем жергиликтүү элдикинен абдан айырмаланарын түшүнгөм. Ал түгүл Стамбулдан бери Бишкекке багыт алган учакта кара терилүү жүргүнчүлөрдөн жалгыз мен элем. Албетте, бул көпчүлүктүн көңүлүн бурбай койгон жок.

— Коркконуңуздай чыктыбы анан?

— Жок! Албетте, мендейлер Кыргызстанда абдан аз, бирок бул өлкөдө өзүмдү жылдызга айлангандай сездим. Көчөдөн сүрөткө чогуу түшүүнү өтүнүп, кай жактан экениме кызыккан адамдар көп болду. Көңүлүм көтөрүлдү.

Такси в США - Sputnik Кыргызстан
Баары сапатсыз! Нью-Йоркто иштеген бишкектик таксисттин баяны
Бир жарым жыл аралыгында Ош менин экинчи үйүмдөй эле болуп калды. Биринчи ирет ушул шаардан чачы белине чейин түшкөн кыздарды көрдүм. Африкада кыздар мындай чач жасалга менен жүрүшпөйт, чачтарынын түзүлүшү ага мүмкүндүк бербейт.

Айтмакчы, карды да ушул жактан биринчи ирет көрдүм! Мага өзүнчө бир кереметтей туюлду, аны эмне кылышым керектигин аңдабадым алгач, мындай кармап көрөм, тигиндей кармайм. Жаратылыштын ушундай сыйкырдуу көрүнүштү жарата билгени кызык!

— Чет элдиктердин көбү Кыргызстанда аларды бай деп кабылдашканын айтып калышат. Сизде андай учур болдубу?

— Кыргызстандыктардын 90 пайызы кара терилүү кишини көргөндө дароо америкалык жаран деп ойлошот. Буга таң калбайм, биздин өлкөдө деле ошол, ак жуумал адам келсе, бай деп жоромолдойбуз. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБир жарым жыл аралыгында Ош менин экинчи үйүмдөй эле болуп калды. Биринчи ирет ушул шаардан чачы белине чейин түшкөн кыздарды көрдүм.
Кыргыздар башкача бийлейт экен... Африкалык дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Бир жарым жыл аралыгында Ош менин экинчи үйүмдөй эле болуп калды. Биринчи ирет ушул шаардан чачы белине чейин түшкөн кыздарды көрдүм.

— Кыргызстанга келгениңизде маданий жактан дендароо болгон абалга кабылдыңызбы?

— Бул жакка келердин алдында камылга көрдүм, Кыргызстан боюнча маалымат топтодум, бул жакта иштеп кеткендер менен сүйлөштүм. Албетте, эки калктын маданиятында айырмачылыктар жок эмес. Бул жакта адамдар кафе-ресторанга барганды жактырышат, ал эми бизде андай адат жокко эсе.

Диний өзгөчөлүктөр да бар. Мусулмандар да жашагандыктан, айрым аял кишилер менен кол алышып учурашууга болбойт.

Бир нече үлпөт тойго бардым, Кыргызстанда бийди да башкача бийлешет экен. Мисалы, эркек кишилер менен аялдардын аралыгы алыс болот экен. Негизинен дененин үстүңкү бөлүгү гана бийге катышат, ал эми бизде тулку-боюбуз толук кыймылдайт!

Анан да нанды өтө көп жейт экенсиздер. Зимбабведе таңда гана чай менен эки тилим нан желет, ошол жетет. Бул жакта эртең менен чай, түштө чай, кечинде да чай ичишет! Алтургай, кыргыз нанды нан менен жейт деген тамашаны да уктум.

— Кыргыздын үлпөт тойлоруна катышкан болсоңуз, демек, бизде үй-бүлө кантип куруларын көрдүңүз. Зимбабведегиден башкача бекен?

Учитель в бишкекской школе из Южно-Африканской Республики Джо Лабускахне - Sputnik Кыргызстан
Мейманканадагы ошол түн эсимден кетпейт. Чет элдиктин Кыргызстандан алган таасири
— Бизде да калың берилет. Адатта күйөө бала 5-10 баш уйга кошуп миң доллар же андан жогору акча тартуу кылат (Кыргызстанда калыңдын көлөмү орточо 1000 долларды түзөт – ред. тактоосу).

Бирок жигиттер кыздарды ала качып да үйлөнөрүн укканда төбө чачым тик турду. Бул чынбы же жалганбы так билбейм, бирок бизде андайга барышпайт. Бир эркектин көп аялы болот деп да уктум. Билбейм, анын канчалык чындыгы бар.

— Социалдык чөйрөдөгү айырма боюнча эмне дейсиз?

— Ошто жашоо Зимбабвеге караганда кыйла арзан. Менин мекеним ушул тапта экономикалык кризиске кептелген. Азыр баалар өтө жогору. Маселен, кризиске чейин үй-бүлөм – аялым экөөбүз, үч кызыбыз менен ресторанга барганыбызда 50 доллардай жумшасак, азыр 200 долларга чыгат. Нан беш доллар турат, ал эми мурда бир долларга алчубуз.

Жумушсуздук деңгээли да биздин өлкөдө кескин өсүп кетти (2018-жылы 95 пайызга жеткен — ред. тактоосу). Негизинен, тургундар чет жерде иштеген мигрант туугандарына таянып жашайт. Байкашымча, сиздерде да көпчүлүк Россияда эмгектенип, бул жактагы үй-бүлөсүн багат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовОшто жашоо Зимбабвеге караганда кыйла арзан. Менин мекеним ушул тапта экономикалык кризиске кептелген. Азыр баалар өтө жогору. Маселен, нан беш доллар турат, ал эми мурда бир долларга алчубуз.
Кыргыздар башкача бийлейт экен... Африкалык дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ошто жашоо Зимбабвеге караганда кыйла арзан. Менин мекеним ушул тапта экономикалык кризиске кептелген. Азыр баалар өтө жогору. Маселен, нан беш доллар турат, ал эми мурда бир долларга алчубуз.

— Бир жарым жыл Ош облусунда кургак учук көйгөйү менен алыштыңыз. Бул жугуштуу дарт чындап эле адамзатка кооптуулук туудура тургандай деңгээлдеби?

— Ооба, Кыргызстанда да, Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрүндө да бул ооруга кабылгандардын саны жогору. Эгер Зимбабведе ВИЧ (2009-жылга карата өлкө калкынын 14 пайызы ВИЧ вирусун алып жүрөт — ред. тактоосу) кооптуу болсо, Кыргызстанда кургак учук олуттуу коркунуч туудурат. Айрыкча, дарыга жеңилбеген кургак учук азыр өтө кооптуу.

Преподаватель английского, японка Риса Мацумаро - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилин эки айда үйрөнгөн япон кызы Риса: тойдогу элди көрүп таң калдым
— Дарыга жеңилбеген кургак учук кадимки түрүнөн кандай айырмаланат?

— Көп учурда мындай болот: адам кургак учукту жуктуруп алат, дарылана баштайт, бирок кийин дары ичүүнү дароо токтотот. Мындан улам бактериялар дары-дармекке туруктуу боло түшөт. Кооптуу жагы – адам башка бирөөгө дарыга жеңилбеген кургак учукту жуктурат.

Эгер кадимки түрү алты айда айыкса, мындай формасы эки жылга созулат.

— Дарылары кымбатпы?

— Ооба, бирок кыргызстандыктар бекер дарыланышат.

— Кыргызстандык бейтаптар башкалардан айырмаланабы?

— Бейтаптар бардык жерде бирдей. Кургак учукка кабылгандар басмырлануудан да коркушат. Зимбабведе ВИЧ-макамы барлар коомдо кодуланышкан, муну ачык айткандан чочулашчу. Кийин гана алар өз оорусун ачык айта башташты, коом да азыр аларга болгон мамилени өзгөрттү.

— Чет жактарда бейтаптарга туугандары үйдөн бизчилеп көп тамак алып келбейт деп уккам.

— Жок, Зимбабведе да туугандары бейтаптарга азык алып келишет. Бирок көбүнесе ооруканадагы тамакка акча төлөбөш үчүн ошентишет. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМага Кыргызстан аябай жакты, табияты кандай кооз, адамдары кандай сулуу экенин эми айтып түгөтө албайм го! Оштогу жашоомду эч качан унутпайм.
Кыргыздар башкача бийлейт экен... Африкалык дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Мага Кыргызстан аябай жакты, табияты кандай кооз, адамдары кандай сулуу экенин эми айтып түгөтө албайм го! Оштогу жашоомду эч качан унутпайм.

— Бизде тамак-аш акысыз берилет да!

— Балким, бул маданий өзгөчөлүктүр. Кандай болсо да туугандарынын колдоосу бейтаптын сакайышына дабаа.

— Биздин врачтар кыргызстандыктар органдары иштен чыкканча жүрө беришет деп кейип калышат.

— Бул кеңири таралган көйгөй, Зимбабведе деле ушундай жагдай. Анан калса, африкалыктардын көбү шамандарга көрүнүшөт.

Дал ушул көрүнүштөн улам кургак учукту дарылоодо калк менен иш алып баруу абдан маанилүү. Маалымдуулук бул дарттын таралышын бөгөттөөгө көмөк берет.

— Кыргызстандан үйүңүзгө эмне ала барасыз?

— Жылдыз макамын (күлүп)! Мага бул жак аябай жакты, табияты кандай кооз, адамдары кандай сулуу экенин эми айтып түгөтө албайм го! Оштогу жашоомду эч качан унутпайм.

Сырга Камчыбекованын маегине да көз жүгүртүңүздөр. Араб эмирлигинде бир топ жыл жашап келип, ал жактагы турмуштан ачык, кенен-кесир маек куруп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0