Жээнбеков Мекенди коргоочуларды куттуктап, биринчи милдет эмне экендигин айтты

Жазылуу
Мамлекет башчы Кыргызстандын тарыхында каармандыктын изин калтырган аталардын элесине урпактары таазим кыларын айткан.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктап, коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экендигин айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз. Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазылык билдиребиз", — деп айтылган куттуктоодо.

Ал коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экендигин айтып, мекенди коргоочу — коомдогу эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон каларын белгилеген.

Президент бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0