Инспектор автоунаасына майды мыйзамсыз жерден куйган. Сүрөттөн улам териштирүү башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматтык унаасы. Архив
Милиция кызматтык унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финпол көчөдө күйүүчү май сатууга каршы күрөш жүргүзүп, мыйзамсыз соода кылган жайлар болсо кабарлап коюуну өтүнгөн. Ошол эле убакта автоинспекторлордун мыйзамсыз аракети көрүндү.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо  башкы башкармалыгынын инспекторлору кызматтык автоунаасына көчөдөгү мыйзамсыз иштеген жайдан май куйду делген сүрөт боюнча териштирүү башталды. Аталган сүрөттү жарандык активист Болот Ибрагимов Facebook баракчасына жүктөгөн.

Чүй облустук ЖКККБ Sputnik Кыргызстанга бул факты боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди. Кийинки жумада анын жыйынтыгы чыгат.

"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгаары менен кызматкерлерге кандай чара колдонулары жана сүрөттөгү кимдин кызматтык машинасы экенин айтабыз", — деп билдирет ЖКККБ.

Sputnik Кыргызстан Бишкек менен Чүйдөгү май куйган жайлар бензинди жетишсиз куяры боюнча иликтөө жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0