Дарыгерлер. Архив

Бүгүн өлкөдөгү бардык бейтапкана, ооруканалар иштебейт. Себеби айтылды

2268
(жаңыланган 10:45 24.02.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы дарыгерлер алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштерин айтты.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бүгүн, 24-февралда, Кыргызстан боюнча оорукана, бейтапканалар иштебейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ооруканалар менен бейтапканалар алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштейт.

Аталган министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилованын айтымында, дарыгерлер жумушка 2-январь күнү эле чыгышкан.

"Жаңы жылдагы эс алуу күндөрү боюнча чыккан өкмөттүн токтому беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү болчу. Дарыгерлер 2-январь күнү эле жумушка чыгышкан. Майрам, эс алуу күндөрүн жылдыруу Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү эмес, биз календарь боюнча гана иштейбиз", — деди Исмаилова.

Исмаилова жарандарга эмне себептен алдын ала маалымат таратылбаганын да түшүндүрдү.

"Жаңы жылда беш күндүк график менен иштегендердин эс ала турганы айтылган. Жарандардын көбү дарыгерлер календарь боюнча гана иштерин билет. Бүгүн бардык ооруканада нөөмөттө дарыгерлер турат", — деди Исмаилова.

Эске салсак, 2020-жылы кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен, 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан. Бул тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Анда 24-февралдагы дем алыш күнү (23-февраль дем алышка туш келет) 2-январдагы иш күнүнө жылдырылган эле.

2268
Белгилер:
эс алуу күнү, иш күнү, бейтапкана, оорукана, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема боюнча
23-февралда эркектерге көп берилчү белектер аныкталды